БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Көп отуруп иштегендердин бут булчуңдары кичирейип кетерин италиялык окумуштуулар аныктаганын The Journal of Physiology басылмасына чыккан макалада айтылат.
Эгер киши көп кыймылдабай койсо, кайсы жашта болбосун олуттуу дарт тооруйт.
Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, кары адамдарды 14 күн бою кыймылдатышкан эмес. Бул ыкма жыл өткөн сайын адамдын булчуңу азайып, организм аны жакшы көзөмөлдөй албай каларын аныкташкан.
Эгер адам баласы көп кыймылдабай, туура эмес тамактанса бул жүрөк менен сиңирүү системасына байланышкан бир топ дартты пайда кыларын илим адамдары белгилешет. Андан сырткары, гормондун бузулушу менен ашыкча салмак алууну шарттайт.