00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ымыркайга сүйүнчү пул качан жана кантип берилет? Министрлик жол-жобосун айтты

Жазылуу
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык учурда көмөк каражатты эч ким ала элек

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Сүйүнчү пул бала төрөлөөрү менен берилбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-январынан тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "балага сүйүнчү" пункту ишке кирген. Анда ушул жылдын январь айынан баштап төрөлгөн бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча берилиши керек болчу.

Бирок Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда көмөк каражатты эч ким ала элек.

Нарын шаарынын айрым тургундары 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирчү Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамга каршы митингге чыгып, ачкачылык жарыялашты - Sputnik Кыргызстан
Нарын: бөбөккө бөлүнгөн акчанын кесилиши кейитип... Жөлөк пул, ачкачылык, нааразылык"
"Сүйүнчү акча бала төрөлөөрү же документтерди тапшыраары менен дароо берилбейт. Ымыркай жарык дүйнөгө келген соң ата-энеси анын туулгандыгы тууралуу документин алып, ага кошуп тийиштүү документтерин жергиликтүү социалдык башкармалыкка тапшырат. Андан соң аталган башкармалык 10 жумуш күндүн ичинде документтерди бирдиктүү маалымат базасынан карап чыгып, тийиштүү каражатты чектейт. Жергиликтүү социалдык башкармалыкта накталай акча жок болгондуктан сүйүнчү пулга каражатты Финансы министрлиги почта аркылуу которот. Мындан улам январь айында документ тапшырган ата-энелердин акчасы февралда чыгып калат", — деди Кадыралиева.

Ал ошондой эле тийиштүү документтердин баарын жөнөткөн ата-энеге эң кеч дегенде бир айдын ичинде сөзсүз сүйүнчү пул чыгарын кошумчалады.

"Сүйүнчү пулду ата-эне бир жыл ичинде алса болот. Башкача айтканда кандайдыр бир шарттан улам документин дароо тапшыра албагандар бала бир жашка чыкканга чейин аталган сумманы ала алат. Ар бир ымыркайга 4000 сом каралган. Эгер тоолуу аймак болсо андан көп алат. Ошондой эле эгер үч эм же эгиз балдар төрөлсө алардын ар бирине өзүнчө акча чыгат" — деди маалымат катчы.

Сүйүнчү пул алуу үчүн керектүү документтер:

— Ата-энесинин паспорту (ажырашкан болсо баланы ким багып жатса ошонун паспорту талап кылынат);

— Баланын күбөлүгү;

— Жашаган жеринен справка;

— Эгер бала багып алынган болсо мыйзамдуу түрдө багып алууга уруксат берген соттун чечими керек.

"Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "балага жөлөк" жана "үй-бүлөгө көмөк" пунктулары учурда Жогорку Кеңеш менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан кайра каралууда. Себеби аталган эки бөлүккө Нарын шаарынын айрым тургундары каршы чыгып, ачкачылык жарыялашкан. Аталган мыйзамды эл өкүлдөрү Аида Касымалиева менен Карамат Орозова демилгелеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0