Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын чоо-жайын сураштырып, жөлөк пулдар боюнча мыйзамдын күңгөй-тескейин териштирип көрдү.
"Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамы
Жаңы жазылган мыйзам долбоордун демилгечилери бул төлөмдөрдүн болжолдуу суммасын төмөнкүчө бекитишкен:
"Балага сүйүнчү" – ымыркай төрөлгөндө бир ирет берилчү акча — 4 миң сом;
"Балага жөлөк" — 3 жашка чейинки ар бир баланы багууга каралган ай сайын берилчү жөлөк пул – 700 сом;
"Үй-бүлөгө көмөк" — 3төн 16 жашка чейинки ар бир үчүнчү балага ай сайын берилчү жөлөк пул – 500 сом.
Бөбөккө бөлүнгөн акчанын кесилишине кейиген энелер
Нарын шаарындагы майыптар коомунун жетекчиси Замира Абдраева жөлөк пулдар боюнча мыйзамга каршы чыккандардын бири. Анын айтымында, аталган мыйзам долбоорунда бир-эки баласы бар ата-энелер эске алынбай калган. Мындан улам митингге чыккандар буга чейин иштеп келе жаткан мыйзамды калтыруу талабын коюшуда.
Митингге чыгып, ачкачылык жарыялагандардын арасында Зыйнагүл Сагындыкова да бар. Учурда эки баласы жана эки небересине 4800 сом жөлөк пул алат. Бирок жаңы мыйзам ишке ашып калса, алардын бирине эле 1000 сомго жетпеген акча чыгып калат экен деп кейип жаткан кези.
Ал мурдагы таржымакалын айтып өттү. 2010-жылы 7-апрелде башына ок тийип майып болуптур. Эки жолу турмушка чыгып, беш балалуу болгонун да айтты.
"Улуу эки кызым күйөөдө эле. Анын бири ажырашып кетип, учурда колумда 4-10-класста окуган эки балам бар. Андан сырткары төрт, бир жарым жаштагы неберелеримди багам. Буга чейин 4800 сом жөлөк пул менен эптеп жан сактап келсек, эми жаңы мыйзам ишке ашып калса 1,5 жашар небереме 1000 сомго жетпеген акча алып калат экенмин. Ал эмнеге жетет? Үйүбүз жок", — деди Зыйнагүл Сагындыкова.
Жаңы мыйзам эскиден эмнеси менен айырмаланат?
Мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсация берүү башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева мурда жөлөк пулду аз камсыз гана үй-бүлөлөрдүн балдары алса, жаңы мыйзамда бардык балдар бирдей акча аларын айтты.
Жаңы мыйзам боюнча жөлөк пул үй-бүлөнүн эч кандай кирешесин эсепке албастан берилет.
"Бир-эки баланы ата-эне эптеп акча таап бакса болот, жакырчылык 3-баладан баштап билинет. Нарында митингге чыккандар 1-баладан баштап эле жөлөк пул төлөгүлө деп жатышат. Биринчиден, муну мамлекеттин бюджети көтөрө албайт. Ар бир ата-эне баланы пландап, акчаны өзү иштеп таап, бакканга аракет кылыш керек. Негизи жөлөк пул ата-энеге убактылуу гана берилчү көмөк акча. Ага таянып 20 жылдан бери алып, көнүп алган адамдар бар", — деди Турганбаева.
Ал арада бүгүн өкмөттөн аталган мыйзамдын "балага сүйүнчү" жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн үч айга артка жылдыруу сунушталып жатканын билдиришти. Андан сырткары жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңешинин кароосуна кайра киргизилгенин кошумчалашты.