00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жети баланын 33 жаштагы апасы Альбина: пол жууп тапкан акчам тамак-ашка да жетпейт

© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева33 жаштагы Альбина Наврузованын жети баласы бар
33 жаштагы Альбина Наврузованын жети баласы бар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сокулук районунун Раздольный айылынын тургуну 33 жаштагы Альбина Наврузованын жети баласы бар. Улуу кызы 12 жашта болсо, кичүүсүнүн жарык дүйнөгө келгенине бир айдын гана жүзү болуптур.

"Жолдошум убактылуу иштебей эле" деген баатыр эне балдарын эптеп багып жатыптыр. Кечкисин жанындагы кафелердин бирине барып пол жууп иштейт. Ал жактан тапкан акчасы күнүмдүк тамак-ашка араң жетет экен.

© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева33 жаштагы Альбина Наврузованын жети баласы бар
Жизнь многодетной матери-одиночки  - Sputnik Кыргызстан
33 жаштагы Альбина Наврузованын жети баласы бар

Sputnik Кыргызстан агенттиги көп балалуу эненин абалынан кабар алганча турмуш-шарты менен таанышып келди.

Редакциябыздын почтасына "жети баланын апасы жардамга муктаж" деген кат келип калды. Бизге кат жөнөткөн адамдар менен байланышып, баатыр эненин абалынан кабар алганы жөнөдүк. Алдыбыздан келиндин 10 жаштагы баласы тосуп алып үйүн көргөзүп барды.

© Фото / Таалайгуль УсенбаеваУлуу кызы 12 жашта болсо, кичүүсүнө бир гана ай болгон
Жизнь многодетной матери-одиночки  - Sputnik Кыргызстан
Улуу кызы 12 жашта болсо, кичүүсүнө бир гана ай болгон

Эптеп шыбалган, терезеси илгеркидей жылтырак менен жылууланган, эки бөлмөлүү үйдүн жанына келип токтодук. Ал эки бөлмөлүү делген менен кире бериши толук бүтө элек экен. Майда-барат оокаттарын ошол жакка чыгарып коюптур. Байпакчан бассаң буттан сыз өтөт, муздак. Көрсө бир бөлмөдөн эле кыштап чыгышат экен. Балдарына деп аз-маз таттуу алып алгам. Кирээрим менен мотурайган балдар дароо эле колумду карады. Баары тең биринин артынан бири быжырап "саламатсызбы, келиңиз, жакшысызбы" деп учурашып тосуп алды. Сүйүнүп калдым. Бирок жашоо шартын көрүп ичим ачышты. Эптеп эле күн өткөрүп жатышкандай…

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЖолдошу учурда иштебейт
Жизнь многодетной матери-одиночки  - Sputnik Кыргызстан
Жолдошу учурда иштебейт

Альбина Наврузова менен жолдошу балдарына айына 3500 сомдон жөлөк пул алып турат. Анысы балдардын тамак-ашы менен кийим-кечесине өп-чап жетет.

"Жолдошум ар кандай майда-чүйдө жумуштарда иштейт. Бирок азыр кыш болуп жумуш деле жок. Өзүм болсо кечкисин жакынкы кафелерге барып пол жууп 200-300 сом табам. Аным жаңы төрөлгөн кызымдын жалаяк менен сүтүнөн ашпайт. Төрт балабыз мектепке барат, аларга да айына фондго 100 сомдон, ысык тамакка эки балама 70 сомдон беребиз. Айрымдар төрөгөндөн кийин баксын да деп жиндениши мүмкүн, бирок кээде шарт ушундай болуп калат экен… Жолдошум кээде ичип да коет", — деди көп балалуу эне.

— Бул өзүңөрдүн үйүңөрбү?

— Жок, кайнагамдын үйү. Акы төлөбөй эле жашайбыз, бирок өзүбүз үйлүү болсок дегенден эки көзүбүз төрт. Жер алганга аракет кылып жатабыз.

© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева"Баатыр эне" өзү кечкисин жакынкы кафеде пол жууйт
Жизнь многодетной матери-одиночки  - Sputnik Кыргызстан
"Баатыр эне" өзү кечкисин жакынкы кафеде пол жууйт

— Көп болдубу ушундай шартта жашап жатканыңарга?

— Бул үйдө жашаганыбызга эки-үч жыл болду. Ага чейин батирлеп жүрчүбүз.

Жаш баатыр эне менен маектешип жаткан маалда сырттан жолдошу кирип келип "жерибиз бар, ошого аракет кылып, бирок көптөн бери алалбай жатабыз. Балдарыбыздын курсагы ток, эптеп багып жатабыз" деп кайра чыгып кетти.

Баарынан да балдарга боорум ооруду. Алардын бири-бирине күйүмдүү, жароокер, анан да аракетчил экени бир көргөндө эле байкалды.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваТөрт баласы мектеп окуучусу
Жизнь многодетной матери-одиночки  - Sputnik Кыргызстан
Төрт баласы мектеп окуучусу

— Эже, сиз көп кабаттуу үйдө жашайсызбы?

— Жок, жер тамда эле.

— Канча бөлмөлүү?

— Көп эле

— Ммм… бизге төрт бөлмөлүү үй болсо деле жетет эле…

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваТапкан акчасы күнүмдүк тамак-ашка аран жетээрин айтты
Жизнь многодетной матери-одиночки  - Sputnik Кыргызстан
Тапкан акчасы күнүмдүк тамак-ашка аран жетээрин айтты

Эмне деп айтаарымды билбей калдым. Көп балалуу үй-бүлө жардамга муктаж экен дегенди укканда мен деле "алына жараша төрөбөйбү" деп ойлогом. Бирок мотурайган балдардын жайнаган көздөрүн көргөндө, кичинекейин чоңу ала калып багышып жатканын байкаганда "ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт" деген кыргыздын кеби эсиме түштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0