БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ош шаарынын баш имам хатиби Мирлан ажы Токтомушов ШИИБ кызматкерлери, билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы Бабур атындагы №46 мектептин окуучуларынын ата-энелери менен жолугушуп, терс диний агымдар туурасында маалымат берди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
"Ата-энелер менен болгон жолугушууда шаар хатиби экстремизм, терроризм менен күрөшүү ар бир адамдын милдети экендигин айтып, балдарга билим, тарбия жана даанышмандуулукту үйрөтүүнү сунуштады", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми ШИИБдин жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү окуучулардын жүрүм-туруму, тарбиясы, билим алуусу ата-энелер тарабынан көзөмөлдөнсө балдардын жоопкерчилиги күчөй турганын билдиришти.
Эскерте кетсек, аталган жолугушуу шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага мектептеги окуучулардын ата-энелери толугу менен катышкан.