Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреты, балерина менен журналист Мирбек Сакенов маектешти.
— Кыргыздын таланттуу кызы балет тууралуу кайдан билди болду экен?
— Анда Бишкек шаары кичинекей, борбор калаада бир эле театр бар болчу. Согуш маалында Ленинграддан бир үй-бүлө бул жакка көчүрүлүп, мурда күйөөсү спорт менен алектенсе, аялы Ленинграддагы хореографиялык училищеде сабак берчү экен. Анан биздин шаарда өзүнүн кесиби боюнча мугалимдик менен алектенип кичинекей студия ачыптыр. Мен ал жакка эжемди ээрчип барчумун. Себеби ал кезде андан башка деле кылчу эч нерсе жок болгон. Үйгө келгенде кошуналарды чогултуп алып апамдын көйнөктөрүн кийип, артисттерди туурап концерт коебуз. Ошентип жүрүп бий дүйнөсүн аралаша баштадым…
— Ленинградга кантип барып окуп калдыңыз?
— Согуш аяктагандан кийин мугалимибиз мекенине кетти. 1947-жыл болуш керек, мектепте 2-класста окучумун, ошол жылы атам каза болду. Ал сүт жана эт өнөр жайы министр болуп иштечү. Апам алты бала менен жалгыз калып, атамды жерге бергенден кийин мамлекет тамак-аш ала турган карточкабызды алып коюп, ачка калганбыз. Кыйын учурда хореографиядан сабак берген мугалимибиз Кыргызстанга кайра келип, эжем экөөбүздү Россияда окутуу үчүн сурап кеткен. Ошондо 16 баланы Ленинград шаарына билим алууга жибермек экен. Бир айдан кийин окууга кеттик.
— Кичинекей эле кыз экенсиз да. Кыргызстанды аябай сагынсаңар керек?
— Окууну бүткөндөн кийин эле Кыргызстанга келдиңизби?
— Ленинградда тогуз жыл окуп, 1956-жылы Кыргызстанга келгенде эле опера жана балет театрына кабыл алындым. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 25 жыл иштеп, 1981-жылы Уран Сарбагышев менен "Жизелди" бийлеп балеттен толугу менен кеттим. Бишкекте хореографиялык мектеп ачылып, аны көп жыл жетектедим. Кийин Москвада театралдык искусство институтунда билимимди жогорулатып, Кыргызстанга келип 17 жыл жаштарды тарбияладым.
— Театрда дагы иштеп, мугалим да болуп эмгектенгенден соң шакирттериңиз көп болсо керек?
— Андан бери канча убакыт өтүп кетти. Көпчүлүгүн тааныбай калыптырмын. Бир окуучум Анара Нургалиева Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, азыр "Ак марал" бий ансамблин жетектеп жатат. Дагы бир студентим Санкт-Петербургдагы Ваганов атындагы орус балет академиясында окутуучу болуп иштөөдө. Асел Айдарова деген шакиртим Опера жана балет театрында солист. Хореографиялык мектепти жетектеп жүргөндө бир топ таланттуу жаштарды өстүрүптүрбүз. Кээде кезигип алардан жакшы сөздөрдү угуп кубанып калам.
— Сиз бул тармакта союз кезинде, эгемендүүлүк жылдарда дагы эмгектенип калыпсыз. Азыр чыгармачыл инсандарга кандай көңүл бурулуп жатат, өлкөдөгү балеттин абалына кандай баа бересиз?
— Албетте, азыркы театр менен биз иштеген мезгилди салыштырууга болбойт. Анда кыргыз театрынын жылдызы жанып, Күлүйпа Кондучалова министр болуп турган учур. Ал киши артисттерди гана эмес, жөнөкөй жумушчуларды дагы таанычу. Андан сырткары, башка өлкөлөр менен маданий алакабыз жакшы болгондуктан алар бизге келип, биз аларга барып тажрыйба алмашып турчубуз. Ансыз театр, актерлер дагы өспөйт. Азыр болсо тиешелүү көңүл бурулбай мыкты солисттер Казакстандан Канадага чейин кетип, чет мамлекеттерде иштеп жүрүшпөйбү.