БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата кайрылуу жолдоп, улуу жазуучунун кийинки жылы өтө турчу 90 жылдык мааракесин белгилөө бүгүнтөн тарта башталарын билдирди.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда туулган. 2018-жылы жазуучунун 90 жылдыгы белгинелет.
"12-декабрь — Айтматовдун урматына улуттук адабият күнү катары жарыяланган. Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 2018-жылы белгилене турган 90 жылдык мааракеси бүгүн башталат. Айтматов аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарып, дүйнөлүк цивилизациянын маданий чөйрөсүн байытууга зор салымын кошкон кыргыздын улуу инсаны. Айтматов — доордун үнү, доордун чындыгы. Айтматовдун көркөм дүйнөсү түбөлүктүү", — деп айтылат өлкө башчынын кайрылуусунда.
Өлкө башчы ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык мекендештерди бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктап, бул майрам улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнө майрамы экенин айткан.