Самат Ибраевдин айылга каты. Манас ааламынын алдында аткарылган парз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Саякбай манасчы" коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-депутат, ЖКнын аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев
Саякбай манасчы коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-депутат, ЖКнын аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Саякбай манасчы" коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-депутат, ЖКнын аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев айылга кат жазды.

Бул каттан ал киши эле эмес, кыргыз эли баа бере турган Алымкул элчи, кан менен келе жаткан манасчылык, түйшүктүү чоң энеге берилген жардам туурасында окуй аласыз.

Мени бала күндөн баштап эле бир сагыныч коштоп келет. Бул Ата-Конушка – кичи мекеним Ысык-Көлгө болгон тартылуу. Качан болсун, мен кайда жүрбөйүн, жан дүйнөмдү эңшерип, жүрөгүмдү куйкалаган кусалык ошол!..

Манасчи Замирбек Баялиев - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Замир Баялиевдин айылга каты. Уурдап окуган китеп, ашыктыктын 16 куплети
Мунун да өз жөнү бар. Атамдын иш-милдетине байланыштуу мен түштүктө төрөлүп, эс тарттым. Ыңгайы келе калып Көл-Энеге келгенде мен кандайдыр сыйкырдуу дүйнөгө туш болгондой болоор элем. Көл толкуса, көөдөнүм көлдөй толкуп, ак куулар көлдө каалгый сүзсө, сулуулукка куштарланган карегим ошол ак кууларды ээрчий сүзүп, кыйкуулаган ак чардактар жээк бойлоп чабыттап, обого каргыса, жүрөгүм аларды ээрчип, асманга кошо серпилип кеткендей болчу. Өзүм кырдуу балдар менен бирге сууга чумкуп, чабак атып, анан кум кучактап жатып, Көл шаанисин көтөргөн ак кемени куштарлана узатып калаар элем.

Кээде Көлдүн маңдай бетин тиктей калсам, менин балалык баео дүйнөмдө учу-кыйырсыздай сезилген Көл-Эне менен көгөргөн түпсүз асман бири-бирине улам жакындап, тээ арыдан дал азыр кошулуп, бир бүтүндүккө айланып кетчүдөй туюлчу. Анан кайра ошол түпсүз асман Көл бетине кулап түшпөс үчүн калкагар тоолор көк асманды обого бийик көтөрүп тургандай сезилип кетээр эле. Бир туруп ошол калкагар тоолор мага кадимки Манас атабыздын алп чоролорундай таасир этип, балалык аруу дүйнөмдө мен дагы Ата-Журттун асманын бийик көтөргүм келчү. Ооба, билген кишиге кыргызды бир эле күч сактап, бир эле күч бириктирип турат, ал – Манас!..

Кезегинде Россиянын Думасына барган адам менин бабам —Алымкул

Мен ошол "Манаска", "Манас" аркылуу кыргыз элиме кызмат кылайын деп тилек кылдым. Дегинкиси "Манас" менин каныма ата-бабаларым аркылуу өткөнү анык. Менин бабам Садык санжырачы Чоюке манасчы менен бир жүргөн, өзү да "Манас" айтып келген акын, куйма кулак адам болгон экен.

КРдин Эмгек сиңирген артисти, Даңк медалынын ээси, КТРКнын диктору Бактыбек Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Бактыбек Мамытов айылга кат жазды. Бай түп алма, чоң эне, ак боз атчан караан
Желдеңдин тукуму – Алымкул бабабыз болсо эл багар Алымкул атанып, Россиянын Думасына ошол кездеги кыргыздардан өкүл болуп барганы тарыхый булактарда жазылып жүрөт. Чоң атам – Кайдуев Ибрай болсо Улуу Ата Мекендик согушта Белоруссия фронтунда согушуп жүрүп баатырларча курман болгон экен. Ошондон улам атам – Кулуке жетим чоңоюп, өз киндигин өзү кесип эр жетип, кийин билим алган соң Түштүктө отуз жылдай иштеп келген.

Мен бала курагымда ата-конушубуз Ысык-Көлгө эки-үч жылда бир келген учурлар да болор эле. Анда капкара болуп күнгө күйүп, балалыктын оту менен тоонун шар суусун кечип, 15-20 мүнөт турган соң суунун сөөк какшаткан муздагына да эт көнүп калар эле. Ошол маалда атам жасап берген балык сорпосунун (уха) даамы өмүр бою оозумда калыптыр. Анан да Кичи – Жаргылчактын үстү жагындагы жайлоого бир айлап чыгып кетип, анда кымыздан кыпкызыл болгончо ичип алып, күпүлдөп "Манас" айткан күндөрүм дале эсимде. Чоң энемдин түйшүгүн жеңилдетмекчи болуп, кышка даярдык көрүп, уйдун чалмасын дубалга чаптап, көң даярдап, кээде өрүк, карагат сатып келип, тыйын кармаганыбызга кубанып калчубуз. Кыязы балалыктын эстен чыккыс сүртүмдөрү Ата-Конушка болгон сүйүүнү бала кезден тартып түптөйт көрүнөт…

"Манас" менин жашоомдун бир бөлүгү

Бул катымда мен үчүн ыйык кол жеткис болгон, Манас тууралуу айта кетпесем болбойт. "Манас" менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калгандыгына топук кылып, каниет деп келем. "Саякбай манасчы" фондунун төрагасы катары буга чейин үч манасчыга үй бердик. Мен продюсер болуп, айтылуу кинорежиссер Эрнис Абдыжапаров менен бирге "Саякбай манасчы" аттуу фильм жараттык. Эми тасманын анын ийгиликтерин эл өзү таразалап алаттыр. Бул Манас жана Манас ааламынын, Саякбай абанын алдындагы менин аткара турган парзымдын бири эле.

Празднование 150-летие манасчи Сагынбай Орозбак уулу в Кочкоре - Sputnik Кыргызстан
Алп манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата сынак өттү
"Манастын" кыскартылган варианты боюнча "Д – 3" форматындагы мультфильм тартуунун үстүндөбүз. "Манас" тууралуу балдарга комикстерди, дептерлерди чыгардык. Буйруса, бул иштер, алдыдагы чоң кадамдардын башталышы десек болот.

Жыл сайын жети күн, жети түн "Манас" айтуу дагы биздин фонддун демилгеси менен колго алынып, азыр ал салтка айланып баратат.

Менин кичи мекеним – Кичи – Жаргылчак дагы көл кылаасы жээкке карай бөйрөктөй ийрилип, кайталангыс кооздук берип турган жерде жайгашкан. Булуңдагы тиш какшаткан кашка булак дагы адам дартына даба болуп, өмүргө өмүр кошчудай касиетке ээ деп айтылганы тегин жерден болбосо керек. Ошол жээкти бойлой өткөн жүргүнчүлөр сөзсүз ошол бөйрөктөй болгон булуңга токтоп, суусун кандырышкан соң, кол идиштерине ошол жерден суу ала кетмей көнүмүш адат эле.

Көл жээги, касиеттүү Көлдүн жээги,

Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди — деп айтылуу Омор Султанов акыныбыз айтмакчы бул касиеттүү Көл-Эненин, анын ичинде Кичи- Жаргылчактын да тарыхы өзүнчө кеп… Өзү ушул Ысык-Көлдүн Барскоонунда туулуп-өскөн даңазалуу бабабыз Махмуд-Кашкари учурунда өзү түзгөн картада Ысык-Көлдү Жердин толтосу катары көрсөтүүсү эле эмне деген сыймык!..

Жалгыз дарак токой болбойт…

Ошол ыйык Жергебиздин кутун учурбай асабасын бийик көтөрүү бүгүн кийинки муундардын — биздин милдетибиз. Аалам дүйнөлөшүп жаткан азыркы тапта дени сак улут гана ар кандай мезгил сыноолорунан ишенимдүү өтө алат. Биз ошону эске алып, элибиздин ден соолугу чың болушун көздөп, Кичи-Жаргылчак айылына спорттук комплексинин курулушуна жардам бердик эле, жердештерибиз ага атам Кулуке Ибрай уулунун ысымын ыйгарышты. Албетте, деңиздин тамчысындай болгон мындай ийги иштерибиз дагы улана берери күмөнсүз.

Семисуточный рассказ эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Алматыдагы өнөрпоздор фестивалына катышып келди
Ошентсе да, даанышман элибизде: "Жалгыз дарак – токой болбойт! Күч – бирдикте!" — деген учкул сөздөр бар. Андыктан, бизге чейин да айылыбыздын кооздугун арттыруу, даңазасын чыгаруу, айылдаштарыбыздын жашоо-турмушун жакшыртуу багытында өзүнүн алгылыктуу иш-аракеттерин жасап келген агаларыбызды, жалпы эле жигердүү замандаштарыбызды мындан ары дагы "Көп түкүрсө көл болот!" – демекчи келечек муундарыбыз сыймыктана тургандай өрнөктүү иштерди биргелешип жасоого чакырамын.

Бар болгула менин асыл айылдаштарым! Мен Сиздерди ар дайым жакшылыктардан көргүм келет! Ийги иштерибизге бирге кубанып, айылым менен сыймыктангым келет!..

Урматым менен уулуңар, Саматбек Ибраев

Жаңылыктар түрмөгү
0