Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүТеплая погода в Москве
Теплая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 11…13, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 8…13, Ысык-Көлдө 3…8, Нарында 1…6 градус жылуу болот.

Ош менен Бишкек шаарларында күн ачык болуп, аба ырайы 10…12 градуска жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0