Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саркаров: өлүмгө себепкер болгон айдоочу изделүүдө

© Фото / Зульфия ТургуноваИнспектор УПМ УВД Жалал-Абадской области Нурлан Саркаров
Инспектор УПМ УВД Жалал-Абадской области Нурлан Саркаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлүмгө себепкер болгон айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу облустук Кайгуул милиция бөлүмүнүн уюштуруу жана үгүт иштери боюнча кызматкери Нурлан Саркаров билдирди.
Саркаров: өлүмгө себепкер болгон айдоочу изделүүдө

Анын айтымында, 27-ноябрда түнкү саат 02:50 чамасында Сузактын Беш-Мойнок айылында 38 жаштагы жергиликтүү тургунду белгисиз айдоочу коюп кеткен. Окуя Ош — Бишкек автожолунун 582-чакырымында катталган.

"Белгисиз айдоочу жолдо бараткан 38 жаштагы жергиликтүү тургунду коюп кетип, окуя болгон жерден изин жашырган. Тилекке каршы, жергиликтүү тургун окуя болгон жерде каза болгон", — деди ал.

Учурда милиция айдоочуну издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0