БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө курулуш жүрүп жаткан жерде 16-кабаттан кулап кеткен кытайлык жаран каза болгонун укук коргоо органдары билдирди.
Кырсык бүгүн, 28-ноябрда, түшкө маал болгон.
"Эркек киши Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп жаткан курулушта иштеп келген. 6-кабатка жеткенде тактайга урунган. Алган жаракатынан жумушчу ошол жерден жан берген", — дешти милициядан.
Учурда аталган аймакта тергөө тобу иштеп жатат.