ОШ, 27-ноя. — Sputnik. 26-ноябрда Алай районундагы жол кырсыктан каза болгон бир туугандардын экөөсү жетекчилик кызматта иштеген. Бул маалыматты облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев тастыктады.
Ага ылайык, туугандардын бири Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 51 жаштагы жетекчиси Тяншанбек Марифов болгон. Ал кырсыктаган унааны башкарып бара жаткан.
"Ал эми унаадагы экинчи жүргүнчү 48 жаштагы Шарабидин Марифов болгон. Ал Бажы кызматынын "Түндүк" бажы бекетинин жетекчисинин орун басары болуп иштечү. 49 жаштагы Арабидин Марифов болсо Египеттен диний билим алган. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү болгон. Андан кийин Ош шаарындагы мечиттердин биринде имам болуп, 2012-жылы шаарда убактылуу 2 күн казылык милдетти аткарган. Акыркы күндөрү ишсиз жүргөн", — деди Ашырбаев.
Эске сала кетсек, 26-ноябрда саат 17:00дө Ош — Эркечтам жолунун 54-чакырымында жол кырсыгы болгон. Бир туугандар Алай районун көздөй Lexus-470 автоунаасы менен баратып, жол кырсыгына кабылган. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, айдоочу рулду башкара албай калган.
Учурда иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү экспертиза дайындалды.