БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Күйүүчү-майлоочу май менен көмүрдүн баасы тыкыр көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, премьер-министр Сапар Исаков Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабировду кабыл алып, баанын негизсиз жогорулап жаткандыгына карата тийиштүү иш-аракеттерди көрүүнү тапшырды.
Ошондой эле ал күн сайын көмүр, күйүүчү-майлоочу майдын наркын мониторинг кылуу керектигин белгилеген.
Анын негизинде сициалдык маанилүү товарлар боюнча сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.