БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматына киришип жатып биринчи Жарлыгы менен экс —президент Алмазбек Атамбаевге "Ак Шумкар" өзгөчө белгисиндеги "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгара турганын айтты.
Учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жээнбековдун инаугурациясы өтүп жатат.
"Алмазбек Шаршенович, сиз баштаган кыргыз көчү жолун улайт. Мен сизге кыргыз элинин атынан, өзүмдүн атыман ыраазычылык билдирем. Биринчи Жарлыгым сизге "Ак шумкар" төш белгисин ыйгаруу тууралуу болот деп үмүттөнөм", — деди Жээнбеков.