00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
45 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Кто ответит за травмы и нарушения безопасности на работе? Разбор нового закона «Об охране труда»
12:08
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что делать после получения наследства: советы юриста о регистрации прав
14:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как превратить библиотеку в место притяжения подростков - опыт Русского дома в Бишкеке
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Бишкектик студент дүйнөгө белгилүү оюнду кыргызча сүйлөттү
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Рекордные сборы и упрощение процедур - как прошел 2025 год для налоговой
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
«Тамчы» финансылык инвестициялык аймагы: алдыга кандай максаттар коюлган?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мамлекеттин көзгө басар жалгыз авиакомпаниясы каттамдарын токтотту

© © Sputnik"Эйр Кыргызстан" каттамынын учагы. Архив
Эйр Кыргызстан каттамынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын 49 пайыз акциясын сатууну көздөгөнү менен инвестор табылбай келет

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик жалгыз авиакомпаниясы "Эйр Кыргызстан" каттамдарын убактылуу токтотту. Буга компаниянын колундагы учактын мотору бузулуп, оңдоого муктаж болуп калганы себеп экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган ишкананын башкы директору Жолдошбек Бектурганов билдирди.

"Биздин компаниянын эки учагы бар. Бири Boeing 737-300, аны европалык авиакомпанияга ижарага бергенбиз. Чынын айтканда, азыр андан түшкөн акча бизге чоң жардам болуп жатат. Ал эми өзүбүздөгү Boeing 737-500 учагынын канатына "Ош" жана "Манас" аэропотторунан чымчык кирип кеткен. Ошонун кедергиси тийип, моторду оңдотуш керек болуп жатат", — деди Бектурганов.

Анын айтымында, учурда моторду чет өлкөгө жиберип оңдотуу же жаңы сатып алуу варианттары каралууда. Учак ушул тапта Кыргызстанда.

Бектурганов кошумчалагандай, авиакомпания каттамдарын декабрь айында жандантууну көздөп жатат. Бирок учуунун датасы адистер бузулган моторду ачып, көйгөй канчалык орундуу экенин көргөндөн кийин гана билинет.

Самолет в аэропорту. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
TAV Airports Holding компаниясы КРде жаңы аэропорттун курулушун каржылоого даяр
Эске салсак, "Эйр Кыргызстан" өзүн актабаган компания катары жарым-жартылай сатыкка коюлган ишканалардын катарында. Быйыл компаниянын 49 пайыздык үлүшү 188 миллион сомго бааланып, сатыкка коюларын Мамлекеттик мүлк фондусунан билдиришкен.

Бектурганов "Эйр Кыргызстандын" 49 пайыз акциясын Кытайдын "China Southern Airlines" авиакомпаниясы сатып алууну көздөп жатканын айткан.

Эгер Кытай авиакомпаниясы келип калса, "Эйр Кыргызстандын" авиапаркы 5-6 учакка толукталып, "Манас", "Ош" аэропортторунда хаб куруу мүмкүнчүлүгү түзүлмөк.

Компания жетекчилигинен чет өлкөлүк инвесторлордун кызыгуусу бар экени айтылганы менен жылыштар анчейин сезилбей келет.

Ал эми кечээ Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар кеңешинин жыйынында премьер-министр өлкөнүн жалгыз авиакомпаниясынын балансында бир гана учак бар экенин айтып, компанияны сынга алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0