БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Сокулук районунда үстүнө бетон плитасы түшүп кеткен үйдө жаракат алган дагы бир аял ооруканада каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Саламыттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 10-ноябрда кечки саат 18.55те Сокулук районунун Новопавловка айылындагы турак үйдүн үстүнө бетон плитасы түшүп кеткен. Кырсык болгон жерде 25 жаштагы келин каза болуп, дагы төрт аял ооруканага жеткирилген. Кийин үй ээсинин тууганы ал күнү 78 жашка толгон чоң апасынын туулган күнүн белгилөө үчүн конок күтүп жатышканын айткан.
"47 жаштагы аялдын буту сынган. Кечээ дарыгерлер ага операция жасоо үчүн алып бара жаткан жеринен жүрөгү токтоп калды. Доктурлар кайра жандандыруу аракетин көргөнү менен оорулууну сактап кала алышкан жок", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми үйдү плита басып калган кырсыктан кийин ооруканага түшкөн адамдардын абалы оор бойдон калууда, учурда бардыгы жандандыруу бөлүмүндө.