БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Сокулук районунун Новопавловка айылында үстүнө бетон плитасы түшүп кеткен үйдө каза болгон жаш келин конок тосуп жаткан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине үй ээсинин тууганы Данияр Амантаев билдирди.
Эске салсак, ишемби күнү 18.55те Новопавловка айылындагы үйдүн үстүнө бетон плитасы түшүп кетип, беш адам жабыркап, бир келин каза болгон.
"Кечээ апам 78 жашка чыгып, үйдө конок тосуп жатышкан. Чакырылган меймандар келгиче бир чыныдан чай ичели деп дасторконго жаңы эле апам, 25, 22 жаштагы эки келинибиз, 23 жаштагы кызыбыз жана менин эжем отурган экен. Дал ошол маалда бетон кулаптыр. Каза болгон келинибиз жаңы келген, балалуу боло элек болчу", — деди Амантаев.
Ошондой эле ал мурда кабарлангандай крандын троссу үзүлбөй эле техника көтөрүп бара жаткан бетон сынып кеткенин айтты.