Ала-Букадагы "Бозумчак" кенинин иши жанданды

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүАлтын кени. Архив
Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кен салынган айыптын баарын төлөп берген

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун "Ала-Бука" районунда жайгашкан "Бозумчак" алтын кенинин иши кайрадан жанданганын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети билдирди.

Буга чейин аталган кенди иштетип жаткан "Каз Минералз Бозымчак" компаниясы 1-ноябрда текшерүүгө алынып, бир катар эреже бузуулар аныкталгандан кийин кен казууга тыюу салынган.

"Ушу тапта Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан аныкталган кемчиликтер жоюлуп, салынган айыптар төлөндү", — деп айтылат маалыматта.

Кендин ишин жандантуу маселеси комитеттин 3-ноябрда өткөн жыйынында каралып, оң жагына чечилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0