Эргешов: Аксыдагы Кербен шаары базарга айланды
Аксыдагы Кербен шаары базарга айлангандыгын "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Эл өкүлү Таш-Көмүр шаары дагы өнүкпөй жаткандыгын айтты.
"Чакан шаарларды өнүктүрүү программалары эмне болду? Мен Таш-Көмүр жана Кербен шаарларына дайыма барам. Бирок программанын иштеп жатканын көргөн жокмун. Кербен шаары айылга окшошуп бара жатат. Генералдык планын түзүп, келечегин аныкташ керек. Учурда Кербен шаары базарга айланды", — деди Эргешов.
Ал чакан шаарлар өнүксө ички миграция азая тургандыгын кошумчалады.