Соцтармак кызыктары: жер тепкилеп бийлеген ырчы, чек арага баш ийбеген сүйүү

© SputnikАктеры из Жарайт Сити на ролике про любовь через границу. Фото со страницы Instagram пользователя nurs_sultan_
Актеры из Жарайт Сити на ролике про любовь через границу. Фото со страницы Instagram пользователя nurs_sultan_ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артта калган апта социалдык тармактарда адаттагысынан жазбай көңүлдү көкөлөткөн жана чөгөргөн окуялар менен коштолду

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Узаган жумада Өзбекстандын мурунку президентинин кызы Лола Каримова-Тилляева ачык сүрөтүн жарыялап өзбекстандыктарды таң калтырса, бейтаныш жигит Казакстандын белгилүү ырчысы Ерке Есмахандын колун сурады. Ал арада кыргыз-казак вайнерлери сүйүүдө чек ара болбой турганын айтып чыгышты.

1. Сүйүү чек арага баш ийбейт. Кыргыз-казак вайнерлеринин видеоролигинде жаш жигит Бишкектеги сүйүктүүсүнө барарын апасына айтса, ал каршы болот. Ушундай эле окуяны бишкектик кыз да башынан кечирет. Ал Алматыга сүйгөнүнө барарын атасына айтат. Бирок ата-энелер балдарынын чек арада сааттап кезек күтүп туруусун каалабай, аларга уруксат бербей жатканы видеонун аягында ачыкталат.

Публикация от Nursultan Kursanali uulu (@nurs_sultan_) Окт 18 2017 в 6:47 PDT

2. Эркиң жетсе Еркеге сен да барып көр. Казакстандагы телеканалдардын бириндеги түз эфирге кирип келген бейтааныш жигит белгилүү ырчы Ерке Есмахандан турмушка чыгуусун сурады. Мындайды күтпөгөн ырчы кыз ага жооп бере албай көзүнө жаш алып жиберген.

3. Эмне деген сүрөт… Лола Каримова-Тилляеванын эки ача ойго түрткөн сүрөтү өзбекстандыктардын шаштысын кетирди. Ал Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү болуп эл аралык аренада жүргөндөн кийин эмнеге минтип жатат деп кабатырланышты. Кээ бири ал эжесине окшоп мындан ары ачык сүрөттөрүн тынбай жарыялап жибербесе экен деп тынчсызданышууда.

4. Жер тепкилеп бийлеген ырчы. Бул айым көптөн бери караокеге бара элек окшойт же катуу образга кирип кетип чыга албай калган шекилдүү. Дагы бир вариант Чынарасы үйүнөн чыкпай жаны кашайып жаткан образды бергиси келсе керек.

5. Он сомуңду үнөмдө… Бул видеону көргөндө эки нерсе оюңузга келет. Бала фантастика кинолорду көп көргөн же жол киреси жок айласыздан ушу кадамга барган.

Кыргызча экстрим 😅 🐰 Это вам не Европа 😆

Публикация от OMKS 📽 VIDEO (@omks_video) Окт 19 2017 в 11:23 PDT

6. Кыргызстандык КамАЗ кыргызстандык жүк ташуучу унааны шамалдан коргоп бара жаткан видео тарады. Муну башчылар чатакташканы менен эки элдин ынтымагы үзүлбөйт деп жылуу кабыл алышууда.

7. Президенттик шайлоодон Өмүрбек Бабановдун өтпөй калганына кайгырып ыйлаган кыз интернет жылдызына айланды. Ал видеону Бабанов өзү көргөндөн кийин атайын аны чакырып, ыраазычылыгын билдирип белек тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0