Курулушту жүргүзүп жаткан "Авангард-Стиль" компаниясынан курулуштун урап түшкөнүн тастыктап, алгачкы маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян келбегендигин айтышты.
© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Акылбек БатырбековБишкекте курулуп жаткан имараттын урап калган бөлүгү
Бишкекте курулуп жаткан имараттын урап калган бөлүгү
© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Акылбек Батырбеков
Бишкек шаарынын милициясынан кырсык болгон жерден эки киши ооруканага жеткирилгендигин, аларга Тез арада жардам көрсөтүү борборунун медиктери медициналык кароодон өткөргөнүн айтышты.
Учурда бул жерде милиция жана куткаруучу кызмат иштеп жатат. Шаардык милициядан иликтөө иштери башталарын айтышты.
Кырсык болгон аймакта ӨКМден сырткары Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери жүрөт.