00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Как конфликт на Ближнем Востоке влияет на рынок ГСМ в ЕАЭС
08:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
09:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Мы плохо понимаем Иран» - политолог о новейшей истории и последних событиях
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Такафул камсыздандыруусу деген эмне жана ал Кыргызстанда кандайча иштейт?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте ШКУнун трансулуттук кылмышка каршы күрөшүү борбору ачылат. Уюм эмнеге коопсуздук маселелерин күчөтүүдө?
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мурдум жарылгандан кийин мамилебизди түшүндүм...

© Sputnik / Эламан КарымшаковБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Бүгүн күн суук болору күтүлүүдө. Жылуу кийиниңиздер!

Айылда 5-каласста окусам керек эле. Түш ооп калган, сарай жакта чоң атам экөөбүз уйларын тезегин чогултуп жатканбыз. Ары жакта турган чоң энем өз иши менен алектенип жүргөн. Чоң атамдан өткөн-кеткенди сурап жаттым, бир аздан кийин тоодогу малды айдап түшкөнү бармакмын. Андан соң торпок салып берип жеңеме уй саадырып кайрадан таңды күтүп таттуу уйкуга батмакмын. Бирок андай болгон жок…

Жана чоң атамдын жанында турганда чоң энеме катуу чуркап бара коём деп алдымда бир катар зым тартылып турганын көрбөй сүзүп алып мурдумдун үстү жарылган. Дагы жакшы, көзүмө тийген эмес. Кан токтобой агып баарыбыздын жүрөгүбүз түштү. Аны көрүп чоң энем менен чоң атам менден өтүп кыйналды. Ошол жараат бир ай дегенде айыккан. Ал эми андан калган тырык бетимден азыркыга чейин кете элек.

Ушул сыяктуу бир заматта кыргыз-казак элинин ортосунда пайда болгон жаранын айыгышына көп убакыт кетет окшойт. Кечээ кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылса, расмий Астана чек арадагы кырдаалды саясатташтырбоо керек деп жооп кайтарды. Ошол эле учурда Казакстан Кыргызстандан бара жаткан жемиштердин ири партиясын кармап артка кайтарганы маалым болду.

Эки дөө кагышса ортосунда кара чымын өлөт. Түзүлгөн кырдаал кимге кандай таасир этип, ким жылаңач каларын кесиптешим Асел Минбаева иликтеп көрдү.

Негизи эле Кыргызстанда зерикпейсиң, баарыбызды дүрбөткөн шайлоо өтүп, мумия чыры башталды. Анын көмүлүшүн археологдор чоң трегедия катары кабыл алса, маданият министри баарынан тажаганын айтып, кааласаңар кайра казып алгыла деди. Анда чуу салган мумиянын баалуулугу эмнеде экенин билип алалы.

Ал эми Аламүдүндүн Маевка айылында түн жамынган белгисиз адам унаалар менен турак жайга өрт коюп кетти. Окуянын чоо-жайы менен бул жактан таанышыңыздар. 

Анан да балдарыңыз мага окшоп зымды сүзбөй көзүн чоң ачып абайлап чуркасын десеңиз, тушоо кесүү каадасынын маани-маңызын билип алыңыз.

Бах, чиркин, бар экен го! Кыргызстандын керемет жерлери АКШлык кинематографисттин көзү менен. Ала-Тоодо туулганыңа сыймыктандыра турган видео.

Кыргызгидромет бүгүн кыштын илеби жакындай турганын билдирди.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.49 (сатып алуу) жана 68.76 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Хандын хандан неси артык, элим деп күйгөн иши артык.

Элибизге ден соолук жана сабыр тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0