01:18 27 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR102.9302
  • RUB1.1212
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (87)
47402

Пландык операциянын жүрүшүндө 10-17-октябрь күндөрү кыргызстандык 800дөй жүк ташуучу унаа текшерилген

БИШКЕК, 17-Окт. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан бузулуп кеткен жемиштердин ири партиясы кармалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги өлкөнүн Маалымат жана коммуникация министрлигине таянуу менен билдирди.

Ведомствонун билдиргенине караганда, чек арада бажы, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл боюнча пландык операция күчөтүлгөн режимде жүрүп жатат.

10-17-октябрь күндөрү кыргызстандык 800дөй жүк ташуучу унаа текшерилген. Анын ар бир сегизинчисинен Казакстандын транспорт мыйзамдарын одоно бузганы аныкталган. Жыйынтыгында 5,6 миллион теңге (болжол менен 1,15 миллион сом) административдик айып пул салынган.

Ал эми Фитосанитардык көзөмөл жүрүп баштагандан тартып 127 жүк ташуучу унаа текшерилип, эреже бузуу боюнча 20 факты катталган. Ошол эле учурда 202 тонна товар артка кайтарылган.

Ошондой эле 16-октябрда "Карасу" (Кыргызстан тарабы Ак-Тилек) көзөмөл өткөрүү жайында кыргызстандык 20 тоннадан ашуун карантиндик курма, анар, жүзүм кармалган.

Ушул эле күнү "Кордай" (Кыргызстан тарабы Ак-Жол) бекетинен 2,9 тонна карантиндик алма жүктөлгөн унаа кармалган. Мындан сырткары бузулуп кеткен үч тонна  жүзүмдү  Алматыга ташып бара жаткан автоунаа Жамбыл облусунун Барыс аймагынан токтотулган.

Жогорудагы көрсөтүлгөн жемишттердин үч партиясы тең кайра артка, Кыргызстанга кайтарылган.

Министрликтин маалыматында  мындай көрүнүштөн улам, Казакстандын фитосанитария кызматы коңшу өлкөдөн жемиш ташып кирүүгө чектөө коюуга мажбур боло турганы айтылган.

Эскерте кетсек, буга чейин сүт азыктарын чыгарган кыргызстандык беш ишканага фитосанитардык нормаларды сактабаган деп Казакстанга продукцияларын алып кирүүгө тыюу салган. 

Тема:
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (87)

Тема боюнча

Атамбаев чек арадагы тез бузулуучу азыктарды биринчи кезекке коюуну тапшырды
КР өкмөтү кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылды
Белгилер:
жашылча-жемиш, фитосанитария, чек ара, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ