Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетет

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүгүнтөн тарта жылуулук берилет. Биринчи болуп системага кошулчу объектилер
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетет.

Ош, Жалал- Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14 градус, Чүй, Таласта 6…11 градус, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 5…10 градус жылуу болот.

Бишкек шаары менен Ошто жамгыр жаап, күн 14-16 градус жылыйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0