Гид Марат Данилов: туристтер жерди таштандыдан тазалап киргенде уятыман араң калам

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган Kyrgyz Tourism Awards сыйлыгында "Мыкты гид" номициясынын ээси Марат Данилов
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган Kyrgyz Tourism Awards сыйлыгында Мыкты гид номициясынын ээси Марат Данилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марат Данилов жакында эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган Kyrgyz Tourism Awards сыйлыгында "Мыкты гид" номициясынын ээси аталды.

Туристтер менен өлкөнүн эң кооз жерлеринин дээрлик баарын кыдырган гид Sputnik Кыргызстан агенттигине чет элдик коноктор Кыргызстандын эмнесине кызыгарын, гид кызматы жана өлкөнүн кооз жайлары тууралуу айтып берди.

© Фото / предоставлено Маратом ДаниловымКыргызстанда 2000ге жакын майда көл бар. Анын ичинен мен 100дөн ашыгын көрдүм. Гид канчалык көп жерди билсе, туризм ошончо жанданат
Исполнительный директор Общественного объединения Союз пешеходного туризма, гид Марат Данилов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2000ге жакын майда көл бар. Анын ичинен мен 100дөн ашыгын көрдүм. Гид канчалык көп жерди билсе, туризм ошончо жанданат

"Мыкты гид" номинациясы тууралуу

Kyrgyz Tourism Awards сыйлыгында 20дан ашык номинация болду. Анын ичинде "мыкты гид" деген сыйлык да бар экен. Анкета толтуруп жөнөтүп койгом, көрсө комиссия мени тандаптыр. Алар бул номинация ээсин иш тажрыйбасына, канчалык көп жерди кыдырганына жана туристтердин мактоолору сыяктуу критерийлер менен тандаптыр. Мен гид болуп иштеп жүргөнүмө 10 жылдан ашты. Кыргызстандын керемет жерлеринин көбүн кыдырып чыктык. Негизинен Европа өлкөлөрүнөн, Америкадан келген туристтерди кабыл алып, тоолуу аймактарга барабыз. Кесибим боюнча араб тилинен мугалиммин. Бирок туристтер менен англис тилинде гана сүйлөшөм.

Гид деген ким жана анын милдеттери

Ыссык-көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туризм департаменти: быйыл кыргызстандыктар чет элдиктерди жакшы тосушту
Көпчүлүк "гиддердин жумушу жыргал" деп ойлошот. "Сенин жашооң эле сонун, бардык жакты бекер барып көрүп, ал аз келгенсип акча да аласың" дегендер да жок эмес. Бирок гиддин да жумушу оор. Бул жумушта жоопкерчилик, тактык талап кылынат. Ишиңе, убакытка так болбосоң туристтер сени менен алыска чыкпайт. Себеби Европа, Корея, Япония өлкөлөрүнөн келген туристтер убакытка абдан так болушат. Мындан тышкары, өлкөдөгү саясий да, социалдык, экономикалык маалыматка бай болушуң керек. Чет жерден келген коноктор тарыхыбыздан баштап учурдагы саясий абалга чейин сурашат. Кайсы жерге барсаң, кандай имарат көрсөң ошонун баары тууралуу так, туура, кенен маалымат берип турушуң керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековГиддин да жумушу оор. Бул жумушта жоопкерчилик, тактык талап кылынат. Ишиңе, убакытка так болбосоң туристтер сени менен алыска чыкпайт
Исполнительный директор Общественного объединения Союз пешеходного туризма, гид Марат Данилов - Sputnik Кыргызстан
Гиддин да жумушу оор. Бул жумушта жоопкерчилик, тактык талап кылынат. Ишиңе, убакытка так болбосоң туристтер сени менен алыска чыкпайт

Гид болуп калган себеби жана тапкан каражаты?

Вручение национальной премии Kyrgyz Tourism Awards в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан Kyrgyz Tourism Awards сыйлыгында мыкты ЖМК аталды
Өзүм Нарын облусунун Кочкор районунан болом. Кочкор, Каракол шаарларында туризм эрте өнүккөн десек болот, себеби Жибек Жолу менен өткөн туристтин баары сөзсүз Кочкорго токтойт. Ал жакка бир-эки күн жатып анан жолун улачу. Мындан улам гид болууну самай берчүмүн. Мындай мүмкүнчүлүк мага 10-класста келип, туристтер менен англисче чала-була сүйлөшүп төрт күнгө Кызарттан Соң-Көл жайлоосуна чейин ат менен алып барып келгем. Ошондон кийин бул кесипке болгон кызыгуум арта баштаган. Ал эми тапкан акчабыз боюнча айтсам, гиддер күнүнө орто эсеп менен 50 доллардан алат. Күнүнө 80, 100 долларга чейин алгандары деле бар, бирок алар чанда. Кудайга шүгүр, үй-бүлөбүздү бакканга жетет.

Кыргызстанда туристтерди таң калтырган, кызыктырган нерселер

Туристтер аэропорттон түшүп шаарга кирип келе жатканда эле Кыргыз Ала-Тоосуна кызыгышат. Мындан сырткары, элибиздин меймандостугуна, сыйына ыраазы болушат. Кээде тоого барып чабандардын үйлөрүнө конок болуп калганда бирге отуруп ыр кесе уюштура калабыз. Анан туристтердин көпчүлүгү таң калып "эмне себептен бактардын түбүн актап койгонсуңар?", ал эми айылдарга барганда "эмне себептен тосмолор жана дарбазалар көк түс менен боелгон?" деген суроолорду көп беришет.

© Фото / предоставлено Маратом ДаниловымТуристтер жылкынын этинен жасалган тамак-ашты көп сурашат. Болгону холестерин көп деп май жешпейт, калган мөмө-жемиштен тарта манты, лагманга чейин тамшанып жешет. Кымызды көп ичишпейт
Исполнительный директор Общественного объединения Союз пешеходного туризма, гид Марат Данилов - Sputnik Кыргызстан
Туристтер жылкынын этинен жасалган тамак-ашты көп сурашат. Болгону холестерин көп деп май жешпейт, калган мөмө-жемиштен тарта манты, лагманга чейин тамшанып жешет. Кымызды көп ичишпейт

Кыргыз ашканасынан туристтер эмне жеп, эмне жебейт

Баарын эле жей беришет. Айрыкча жылкынын этинен жасалган тамак-ашты көп сурашат. Болгону холестерин көп деп май жешпейт, калган мөмө-жемиштен тарта манты, лагманга чейин тамшанып жешет. Кымызды көп ичишпейт. Себеби биринчиден алардын организми көнгөн эмес, экинчиден баарына эле жага бербейт. Айрыкча тоодо жүргөндө ичирбейбиз. Каалоочулар, жактыргандар ылдый жактарга түшкөндө аз-аздан ичишет.

Чет элдик коноктордун алдында гидди уялткан учурлар

Кээде ушунчалык кооз жерге барып, суктанып жатканда таштанды маанайдын баарын бузат да. Желим баштык, бөтөлкөлөр. Артынан жыйнап кеткенден эринишет. Бул учурда туристтер аларды жыйнап кеткен учурлар да болот. Уяласың. Кереметүү жерибиздин баркын баалабай жүрөбүз.

© Sputnik / Табылды КадырбековТуристтер аэропорттон түшүп шаарга кирип келе жатканда эле Кыргыз Ала-Тоосуна кызыгышат. Мындан сырткары, элибиздин меймандостугуна, сыйына ыраазы болушат
Исполнительный директор Общественного объединения Союз пешеходного туризма, гид Марат Данилов - Sputnik Кыргызстан
Туристтер аэропорттон түшүп шаарга кирип келе жатканда эле Кыргыз Ала-Тоосуна кызыгышат. Мындан сырткары, элибиздин меймандостугуна, сыйына ыраазы болушат

Ички туризм тууралуу

Биз Кыргызстанда гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң алгачкылардан болуп тоодо жөө саякаттоочу уюм түзгөнбүз. Ички туризмди өнүктүрүүдө ушул уюмдун салымы чоң. Себеби биз коммерциялык гиддерден айырмаланып, Кыргызстан ичинде саякаттайм деген каалоочуларды арзан баада өлкөнүн кооз, тарыхый жерлерин көрсөтөбүз. Мындан улам каалоочулардын саны уламдан-улам көбөйүп, азыр атаандаштар да пайда болду. Ушул сыяктуу төрт-беш уюм түзүлдү. Кышкысын тоо лыжа базаларына, жайкысын Сары-Челек, Соң-Көл сыяктуу жаратылышы кооз жерлерге коммерциялык гиддерден 10 эсеге арзан алып барабыз.

Кыргызстандын эл билбеген кооз жайлары. Гидден кеңеш

Тоодогу турист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кымыз ичип, тоо аралап ат минем! Кыргызстандыктар кызыккан эс алуунун түрлөрү
Кыргызстандын эң кооз жайлары — тоолор, көлдөр. Тоолордун үстүндө жайгашкан майда көлдөр. Ал жерлерге барганда башкача сезимдер болуп, өзгөчө күч-кубат аласың. Мен жылына бир жаңы жерге барбасам башым ооруйт. Кыргызстанда 2000ге жакын майда көл бар. Анын ичинен мен 100дөн ашыгын көрдүм. Гид канчалык көп жерди билсе, туризм ошончо жанданат. Себеби биз барып тартып келген ажайып кооз жерлерди интернетке жүктөп, жарнамаласак ага кызыгып ошончо көп турист агылып келет. Биздин тоолор, көлдөр, айтор, кооз жаратылышыбыз туристтердин көбүн кызыктырат. Ал эми шаардыктарга кайда барып эс алса болот деген суроого кеңеш катары алыс кетпей эле шаарга чукул Кегетиде "Көл-Төр" деген көл бар. Ал жакка көп деле акча кетпейт, бир адамга бир күнгө 400 сом корошу ыктымал. Мындан сырткары, Чоң-Кеминдеги Көк-Ойрок жайлоосунда "Жашыл-Көл", Кочкордогу "Көл-Үкөк" деген көлдөрдү көрөсүңөр, Сокулуктагы шаркыратмага барсаңар дагы болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0