БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкө аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Чүй өрөөнүндө күндүн табы 16…21 градуска чейин көтөрүлсө, Таласта 12…17 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад менен Баткенде 17…22 градуска чейин жогорулайт. Ысык-Көлдө 15…20, ал эми Нарында 14…19 градус жылуу болушу күтүлүп жатат.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы 17…19, ал эми Ош шаарында 18…20 градуска чейин жылыйт.