Бишкекте бүгүн, 8-октябрда "Күз Деми — 2017" аттуу жарым марафон болуп өттү. Анда 1000ге чукул жөө күлүктөр үч категория менен 5, 10 жана 21 чакырым аралыкка чейин чуркашты. Катышуучулардын жаш курагы чектелген жок. Жарышка Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери да күлүктүгүн сынап көрүштү.
Эркектер арасында 21-чакырым аралыкка чуркоо боюнча биринчи келген жөө күлүккө 500 доллар, кыз-келиндер арасында баш байгеге 30 миң сом ыйгарылды. Мындан башка дагы алдыга оозуп чыккан жөө күлүктөр ар кандай баалуу белектер менен сыйланды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жөө күлүктөрдүн жарышынан тартылган сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

"Күз Деми - 2017" аттуу жарым марафон ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Бүгүнкү жарышка 1000ге чукул спортчу катышты

Иш-чара саат 11:00дө "Аска-Таш" мемориалдык комплексинин жанында башталды. Жарыш "Бишкек — "Манас" аэропорту" жолунда болду

"Күз деми" жарым марафонунда балдар үчүн да жарыш уюштурулду

Жарым марафонго Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлерди катышып күлүктүгүн сынашты. Биз Бегимай Бакашова менен Батыр Мамыркуловду көрүп турабыз

Sputnik Кыргызстан агенттиги "Күз Деми 2017" жарым марафонунун медиа өнөктөшү болду

Бир баласын жетелеп, экинчисин колуна көтөрүп чуркап келе жаткан ата

Катышуучулар үч категория менен - 5, 10 жана 21 чакырым аралыкка чейин чуркашты

Жарым марафонго профессионал спортчулар, ар кандай компаниялардын кызматкерлери жана спорт ышкыбоздору катышты

Желекти бийик көтөрүп чуркап келген бийкечтин кубанычы жүзүнөн көрүнүп турду

Марага аз алганда жаналекетке түшүп чуркап жатышты

Эркектер арасында 21-чакырым аралыкка чуркоодон биринчи келген жөө күлүккө 500 доллар, ал эми кыз-келиндер арасында баш байгеге 30 миң сом ыйгарылды

Уткан медалдарын сүрөткө тартып жаткан кыздар. Катышуучулардын баары бирден медаль тагынып кетишти.
