Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги бул жолу этнограф Динара Молдокулованын жардамы менен үй буюмдарына карата жасалбай турган нерселерди эстеп көрдү.
Шыпыргыны тик тургузбайт. Себеби анын тилеги жаман болот деп коюшкан. Айрымдары тик турган шыпыргы "ушул үйдө кыз-келин болбосун, мен эле үзүлүп бурчта турайын" деп тилейт деген түшүнүк жашап келет. Үй ээсинин душманы көбөйөт деген да чечмелөөлөр бар экен.
Шыпырындыны чогулткан бойдон таштап койбойт. Аны ошол замат төгүү керек. Анан да шыпырындыга отурбайт, шыпыргыны аттабайт, үйдүн төрүнө чыгарбайт жана аны менен адам уруп, суу чачпайт. Себеби кишиге дарт жугат деп коюшат.
Моюнга кур менен жипти салбайт. Анын анты болот дешет.
Кетменди тебелебейт. Мындан сырткары, кетменди чалкасынан каратып койбойт. Түшүм начар болуп калат деп жүрүшөт.
Көсөө менен тап бербейт, мал кайтарбайт. Жаман жосун катары сыпатталып келет.
Кайчыны эшиктин башына илбейт. Кайчы, бычак, балта деген учтуу нерселер дайыма өз ордунда болуш керек. Ошондой эле балтанын мизин жогору каратып койгонго да болбойт.
Жаздыкты ыргытпайт, аттабайт, тебелебейт. Салынган төшөктүн башын да тебелеген туура эмес. Баш кийим сыяктуу адамдын башы коюлган жерлерди бут менен тебелөөгө тыюу салынат.
Кечинде жатууга салынган төшөктү эртең менен жыйбай таштап койбойт. Ишеним боюнча салынган төшөктүн тилеги жаман болот. Ал "дайыма жайылып турсам, үстүмдө оорулуу адам онтоп жатса" деп тилейт имиш.