Дал ушул жылкы баласына карата кандай тыюу бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги этнографтардан сурап-билип көрдү.
Жылкыны башка чаппайт. Негизи эле эл арасында "малды башка чаппайт, ырысың качат" деген сөз айтылып келет. Ал эми бөтөн бирөөнүн атын башка чабуу анын ээсин чапканга тете.
Аял киши жайдак атка минбейт. Сөзсүз түрдө ээр токулган атка минүүсү керек. Элибиздин салттык адебине ылайык аял кишинин жайдак атка миниши жүрүм-турум нормаларына каршы келген.
Таптап жаткан күлүктү кир жерге бакпайт, көпчүлүккө көрсөтпөйт. Күлүк атты кармаган жай таза болуп, бейчеки киши киргизилген эмес. Көз тийгенден сактасын деп айрымдары жалына же куйругуна адам көрбөгөндөй кылып көз мончок же тумар тагып коюшкан.
Күлүктү чабаар алдында токуп жатканда маңдайына адам турбайт. Багы, жолу кесилип калбасын деп күлүк атты чабылуучу жайды көздөй жетелеп же минип келе жатканда да алдынан адам же жаныбарды кыя өткөзбөгөнгө аракет кылышкан.
Күлүк атты тушабайт. Анын бутун тушаса, жолу да тушалып калат деп коюшкан.
Жылкыны себеби жок сойбойт. Жылкыны чоң той-аштарда эле союшкан. Ошондой эле элибизде жылкыны көп сойгон адамдын колу калтырак болуп калат, жылкы жылында туулгандар аны мууздабайт деген да түшүнүктөр жашап келген.
Ат жабдыктарын аттабайт, тебелебейт. Ошондой эле аларды бут менен тээп жылдырган да туура эмес.