Күнүмдүк турмуш-тиричилигибизде дайыма колдонгон идиш-аякты кандай колдонуп, ага карата эмнелерди кылбаш керектигин этнограф Динара Молдокулованын жардамы менен тизмектеп чыктык.
Казанды теппейт, жоготпойт, сатпайт. Дегеле тамак-ашка колдонулган идиш-аякты тепкенге жана ыргытканга болбойт. Себеби аны менен кошо үйдүн куту, ырыскысы да качып кетет деген ишеним болгон.
Бирөөнүн казанын куру бербейт. Кокустан кошунанын же тууганыңдын казанын алсаң анын ичине жок дегенде нан салып бериш керек. Казанды куру кайтарып берген уят деп эсептелген.
Тамак ичкен идишти башына кийбейт. Муну ата-бабалар кымбатчылык болот деп божомолдоп коюшкан.
Тамак ичкен идишти колдун сырты менен түртүп жылдырбайт. Чай ичкен чыныны же тамак ичкен аякты колунун сырты менен түртүп берген адам ырыскысын кошо түртүп жатат деп түшүнүшкөн. Ошондой эле кыз-келин улууларга чай сунуп жатканда колу менен түртүп койбой ийилип сунуп бергени дурус көрүнгөн.
Кир идишти түнгө калтырбайт. Түнгө калган кир идишти шайтан аралап кетет деп коюшкан. Ошондой эле ырыскы суу менен агып кетет деп идишти арыктагы сууга да жуубай келишкен.
Кетик идишке тамак ичпейт. Дегеле сынык идиш-аяк колдонбогонго аракет кылыш керек. Конок келгенде сынык чыныга чай, тамак куюп берүү аларды сыйлабагандык катары эсептелген.
Аш тактаны бийик койбойт. Супараны улагага илбейт. Үбөлүктү тике койбойт. Бул ырымдар да элибизде катуу кармалган.
Бычакты тигинен койбойт. Бычак дайыма жатып туруш керек. Ошондой эле ата-бабалар адамга бычак кезебейт, анты болот деп коюшкан.