БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы чуркоо боюнча мелдеш өткөрөт, ага соттолгондор менен мекеменин кызматкерлери катышат. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.
Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулган иш-чара 30-сентябрда саат 10:00дө башталат.
Катышуучулар Арашан айылынан баштап Заречное айылына чейин чуркашат.
Мелдешке ЖАМКтын кызматкерлери жана соттолуучулар катышат. Эркектер тогуз чакырымга, аялдар үч чакырымга чуркап күч сынашат.
Жеңүүчүлөр баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланары айтылды.