БИШКЕК, 25-cен. — Sputnik. Улуу Британияда өткөн Henry Aldridge and Son аттуу аукциондо Адольф Гитлерге таандык делген телефон номурлар жазылган китеп 33 фунтка (44,5 миң АКШ долларга чукул) сатылды. Бул тууралуу РИА Новости Daily Mail гезитине шилтеме берип кабарлады.
Аукциондун расмий сайтында маалымдалгандай, бул китепти Рейхсканцеляриядан экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 72 жыл мурун Жон Ходж таап алган.
"Китепте кол менен жазылган 200дөн ашуун Генрих Гиммлер, Иосиф Геббельс, Рудольф Гесс, Герман Геринг, Иоахим фон Риббентроп, Рейнхард Гейдрих, Альберт Борман сыяктуу Германиянын жогорку күзөт кызматындагы мүчөлөрүнүн телефондору жазылган. Мындан тышкары, Гитлердин жеке архитектору Альберт Шпеер жана сүрөтчүсү Генрих Гофмандын да телефон номурлары бар болуп чыкты", — деп жазылат маалыматта.
Телефон номурлар жазылган китептин алгачкы баасы аукциондо 10-15 миң фунтту түзгөн. Баалуу китепти саткан жана сатып алган адамдардын азырынча аты-жөнү маалым боло элек.