Азия оюндарында балбан кыз Мээрим Момунова алтын медаль алды

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке
Международный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күндүн жыйынтыгы менен кыргызстандыктар төрт медаль тагынышты

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ашхабадда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында алыш бел боо күрөшү боюнча күч сынашка кыргызстандык балбан Мээрим Момунова 60 килограммдык салмак категориясында алтын медалга ээ болду.

Жалпысынан 22-сентябрдын жыйынтыгы менен кыргызстандык спортчулар төрт — бир алтын, бир күмүш, эки коло медаль алышты.

Момунова чейрек финалда түркмөнстандык Зухра Мадраимованы, жарым финалда казакстандык Уулжан Дүсебаеваны утуп, финалда түркмөнстандык Зарина Абдырахманованы 3:0 эсебинде утуп, Азия оюндарынын чемпиону аталды.

Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Лондондогу ММА турнири: Антонина Шевченко жеңишке жетсе, Физиев утулуп калды
Ал эми бел боо, алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Көчмөндөр оюндарынын эки жолку чемпиону, бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиада оюндарынын чемпиону Нурбек Кожобеков 90 килограмм салмакта түркмөнстандык Нурмурат Мамметдурдыевди жана тажикстандык Хуршед Шариповду жеңип, баш байгеге талапкердин бири болду. Тилекке каршы, Кожобеков финалда түркмөн балбаны Арслан Ибраимгулиевге 3:0 эсебинде жеңилип, Азия оюндарынын күмүш байгесине татыды.

Мындан тышкары, күрөштүн ушул эле түрү боюнча күч сынашкан Анара Рыскулова менен Мадаминбек Шаршеналы уулу жарым финалга чейин жетип, коло байгелүү болушту.

Учурда Кыргызстандын улуттук командасынын куржунунда 34 байге — 3 алтын, 11 күмүш жана 20 коло медаль менен 14-орунда бара жатат.

Мелдеш бүгүн да уланат, мында спортчулар баскетбол, алыш бел боо күрөшүнүн классикалык ыкмасы, боулинг, бильярд, шахмат, ат спорту, футзал, сууда сүзүү, теннис, кикбоксинг, тайбокс, велотрек жана оор атлетика боюнча ат салышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0