БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Манас проспектисинде жайгашкан мейманканадан түтүн чыгып жатканын ӨКМден кабарлашты.
Өрт өчүрүүчү унаалар окуя болгон жерге саат 18.22де чыгып кеткен.
"Түтүн бир кабаттуу мейманканадан чыгып жатат. Өрт катталган жок. Куткаруучулар окуянын себептерин аныктоого аракет кылууда", — деп маалымат кызматынан билдиришти.
Окуядан эч ким жабыркаган эмес.