БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс оттун жалыны убактылуу өчкөнүн "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга газ түтүктөрүнөн көгүлтүр оттун сызылып чыгуусу байкалганы себеп болгон.
Учурда оңдоо иштерин жүргүзүү мэрия менен сүйлөшүлүп жатат.
Компаниядан макулдашуу ишке ашкан соң мүчүлүштүктөр тез арада жоюларын белгилешти.