Шейшенов: эмгегим эл аралык сынакта мыкты деп табылды
Бамбуктун формасындагы суусундук банкасынын дизайны (Bamboo) "Мыкты таңгак" номинациясында жеңүүчү аталганын дизайнер Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Өзүнүн айтымында, бул фестивалга ал бир нече жылдан бери катышып келе жатат.
"2010-жылы биринчи жолу бул фестивалга үч эмгегим менен катышып, финалга чыккам. Бирок жеңишке жетпей калгам. Былтыр A-media студиясынын курамында "Molocow" деген аталыштагы сүт азыктарынын таңгагы экинчи орунду алган. Быйыл Bamboo мыкты таңгак деп табылды", — деди Шейшенов.
Fakestival — 2010-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан чексиз креатив эл аралык фестивалы. Чыгармачыл жана жаңыча көз караштагы жаштарды колдойт.