БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери Мелис Жолдошев жоокердик өнөр боюнча Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргойт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Жолдошев "Тазалык" муниципалдык ишканасында тогуз жылдан бери эмгектенет. КР улуттук курама командасынын мүчөсү, жоокердик самбо боюнча Кыргызстандын спорт чебери.
"Спортчунун жол киресин жана башка чыгымдарын "Тазалык" ишканасы өзүнө алат", — деп жазылат маалыматта.
Аталган оюндар 15-28-сентябрь аралыгында Түркмөнстандын Ашахабад шаарында өтөт.