Рысбай күнү күлө баккан Өзгөндүн Жээренче айылында 10 бир туугандын арасында чоңойгон. Уулдардын улуусу, үй-бүлөдө улуулата санаганда үчүнчү.
Керек, керек…
Эртеңиме эң керек,
Келечекке кезиксем деп эртерээк.
Кеткен элем…
Азыр болсо мен аны,
Келе жатам көк шилиден желкелеп.
Келет мезгил чеңгелимде энтелеп.
***
Мен кеткенде айыл болчу башкараак,
Азыр бир топ өзгөрүлгөн баштанат.
Кыркма чачтуу секелектер кечээги,
Кылыктанып, боюн сылап, чач тарап,
Кыя карап, өтөт мени акмалап.
***
Ызаланса атып урчу таш менен,
Ыйлаак балдар салабаттуу тартышып.
Кадыресе жигит болгон кези экен,
Кадамын да салмак менен басышып,
Саламын да салабаттуу айтышып.
***
Теңтуштарым очор-бачар… күрү-гүү…
Тентек мүнөз жоголгондой сыягы.
Дале бирок баягыдай күлкүсү,
Дале болсо баягыдай кыялы.
***
Улуу муундар бир топ жашка барыптыр,
Улгайгандар бир топ болуп калыптыр.
Үй-жай, короо, бак-даракты мындай кой,
Үрүп чыккан итиңер да карыптыр…
***
Мен кечээги эртеңимди багынтып,
Алып келсем бүгүнкүмө жалынтып.
Айылдаштар, бир тобуңду шум ажал,
Алган экен тузагына чалынтып.
***
Айылдаштар, тамырлаштар бир өнгөн,
Азып-тозуп, жүрөм четтеп силерден…
Антсе дагы баарыңарды билем мен!
Ар бириңдин жыргалыңа кубанып,
Ар бириңдин кууралыңа күйөм мен!
***
Жүлүнүңдү таарып өтөөр муңдуктун,
Жүзү курсун дейличи анда ый-буктун!
Жүрөктөштөр, силер үчүн мен азыр,
Чымын жаны чыркыраган чындыкмын,
Жүзүңөрдөн көргөнчөктү аза-муң,
Жүрөгүмдү келет отко ыргыткым!
***
Жүрөктөштөр, силер үчүн чындыкмын!..