БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, 4-сентябрда Чүй облусунун Дача, Теңдик, Лесхоз, Садовый, Кызыл-Туу, Восточный, Төмөнкү Чүй, Военно-Антоновка айылдары менен МТФ-2 жаңы конушунун айрым бөлүктөрүндө 9.00дөн 17.00гө чейин электр энергиясы өчүрүлөт.
Ошондой эле оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаанын Чүй проспектисинин №134 үйүндө 9.00дөн 17.00 чейин жарык жок болот. Андан сырткары, Абакан көчөсүндө, Ак-Өргө, Ынтымак, Ала-Тоо жаңы конуштарынын кээ бир жеринде 9.00дөн 18.00гө чейин электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.