БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. "Реалдын" футболчусу Гарет Бэйл болочок кайнатасынын абактан чыккандыгына байланыштуу Уэльстеги үйүн кайтаруу үчүн 500 миң фунт стерлинг жумшай турган болду. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазып чыкты.
Спортчунун сүйлөшкөн кызынын атасы Мартин Райс Жонс алдамчылык боюнча соттолуп, АКШ түрмөсүндө беш жыл отуруп чыккан.
Учурда кыздын жакындары Мартин Райс Жонстон алданып калгандар өч алышы мүмкүндүгүн айтып, өмүрүнө кооптонуп жатышат. Ушундан улам көп каражат коопсуздукту күчөтүүгө жана байкоочу камерларды коюуга жумшалат.
Басылманын маалымдашынча, Бэйл сүйүктүүсүнүн атасын кайтарттыруу үчүн мурда атайын элиталык аскер бөлүктөрдө кызмат өтөгөн адамдарды жалдаган.