БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Фрунзе токоюнда чыккан өрт өчүрүлүп жатканын ӨКМ билдирди.
Бейшемби күнү чыккан өрттүн масштабы, чоо-жайы азырынча белгисиз. Окуя болгон жерде үч өрт өчүрүүчү унаа жана ӨКМдин 15 кызматкери иштөөдө.