БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Белгилүү мушкер, Олимпиада чемпиону Орзубек Назаровдун кырсыкка учурап ооруканада жаткан кызы комадан чыкты. Бул тууралуу Назаров өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Эскерте кетсек, 17 жаштагы Аделина Назарова 19-августтун түнүндө Бишкектин чок ортосунда болгон жол кырсыгынан жабыркаган. Ал жеңил автоунаа менен кагышкан мотоциклдин артында отурган. Мотоциклди айдап бараткан 21 жаштагы бала каза болуп, машинанын ичиндеги кишилер түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк бир жүргүнчүсү каза тапкан.
"Биздин үйдү бүгүн күлкү аралады. Кызыбыз комадан чыкты. Бардыгыңыздарга колдооңуздар, жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем! Туулган күнүмө мыкты белек болду", — деп жазган мушкер.
Белгилей кетсек, Орзубек Назаров 30-август күнү 51 жашка чыккан.