БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү мектептерге 4236 телевизор таркатканын билдирди.
Маалыматка караганда, сыналгылар санарип аркылуу билим берүү мүмкүнчүлүгүнө жол ачуу үчүн алынган.
Сыналгынын 1044 даанасы Ош облусуна, Жалал-Абадга 940, Чүйгө 614, Баткенге 476, Ысык-Көлгө 374, Нарынга 278, Таласка 208, Ош шаарына 112 жана Бишкек шаарына 190 даана телевизор жөнөтүлгөн.