Макгрегор менен Мэйвезердин беттешин кыргызстандыктар түз эфирден көрө алат

© REUTERS / Noah K. MurrayБоксчу Флойд Мэйвезер менен UFC мушкери Конор Макгрегор
Боксчу Флойд Мэйвезер менен UFC мушкери Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мушкердин кармашуусу Лас-Вегаста өтөт

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясы (КТРК) боксчу Флойд Мэйвезер менен UFC мушкери Конор Макгрегордун беттешин түз эфир аркылуу көрсөтөт.

Пресс-конференция, посвященная поединку  Флойд Мейвезера-младшего и Конора Макгрегора в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Боксчу Мейвезер каршылашы Конорго акча ыргытып сес көрсөттү
Спортчулар жекшемби күнү, 27-августта кармашта. Ал эми түз эфирди КТРК жана "КТРК Спорт" каналдарынан эртең мененки саат 9.00дө көрүүгө болот.

Бокс эрежелери боюнча өтө турган беттеш Лас-Вегаста болот.

Мэйвезер профессионалдык рингде өткөргөн 49 беттешинин бардыгын жеңген. Акыркы жолу рингге 2015-жылдын сентябрь айында чыгып, карьерасын жыйынтыктаганын жарыялаган. Ал эми UFC чемпиону Макгрегор 24 жолу рингге чыгып, 21ин уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0