БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Канат Исаев Кыргызстандын жаш мугалимдери канча айлык аларын биле албай койду.
Билим берүү министринин милдетин аткарып жаткан Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, мугалимдердин орточо айлыгы 13 миң сомду түзөт.
Ал эми депутат Исаевге жаш мугалимдердин маянасы боюнча суроонун жообун министр айым кечирээк бере турганын билдирди.