БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Эквадор өлкөсүндөгү Boeing 747 самолетунун учкучу Сантьяго Борха Лопес (Santiago Borja Lopez) учактын айнегинен коюу булуттун арасынан көрүнгөн чагылганды сүрөткө тарткан. Бул тууралуу Sputnik International агенттиги жазды.
Ал 11 миң чакырым бийиктиктен жаратылыштын керемет кубулуштарын кадрга түшүргөн.
"10 сааттан ашык жүрүүчү каттам учурунда, учкучтардын жанындагы орундукка отуруп алып кенен сүрөткө тарта берем. Мында чеберчилик катуу талап кылынат, ошол эле учурда ооматтын келиши да маанилүү роль ойнойт. Чагылган качан болоорун билбейсиң, ал бат эле өтүп кетет да", — деп айткан Борха.
Анын тарткан сүрөттөрү 2016-жылдын National Geographic Nature Photographer of the Year сүрөт сынагында байгелүү орунга ээ болуп, "Landscape" номинациясы боюнча үчүнчү орунду ээлеген.