00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Салык кызматынын коррупцияга айыпталган мурдагы жетекчилери Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычов мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурду. Бул ири эки мамлекеттик жетекчинин коррупциялык иштери жана кандайча кармалганы туурасында УКМК кенен түшүндүрмө берген. Мурдараак Ленин райондук соту аларга өкүм чыгып, экөөнө жалпы 700 миң сомдук айып салынганын айткан. Алар УКМКнын торуна 2024-жылдын 6-декабрында "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча козголгон ишке байланыштуу түшкөн. Комитет аталган кодекске коррупция жана кызматтык кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин кармалганын эске салды. Мындан улам экс-төрага жана анын орун басары кодекстин эски редакциясы боюнча соттолгон. Анда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, процессуалдык келишим түзгөн учурда мамлекеттин пайдасына келтирилген зыянды төлөп берүү менен айып пул салуу каралган. "Алтынбек Абдувапов жана кылмыш ишиндеги башка айыпталуучулар тергөө учурунда аларга коюлган кылмыштар боюнча күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурушкан", — деп атайын кызматтан билдиришти. УКМК калган айыпталуучуларга карата кылмыш ишин тергөө уланып жатканын жана анын жыйынтыгы, көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка маалымат кийинчерээк бериле тургандыгын кошумчалады.
Депутат Марлен Маматалиев катализатору жок унаалардын ээлерине айып салууну демилгелеп, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып салуу каралган. Техкароодон өтүүдө жасалма корутунду бергендерге жана катализатордун ишин имитациялоо менен алектенгендерге жоопкерчилик киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоору кабыл алынса, расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет, бирок экологиялык системасы жок унааларды пайдаланууга тыюу салган нормалар 2027-жылдын 1-июлунан тарта колдонулат. Буга чейин Кыргызстанда катализатору жок машиналарды алып-сатууга да тыюу салуу пландалып жаткан.
Ресторан жана мейманкана бизнесинин кызыкчылыктарын жактаган "Хорека клуб" ассоциациясы коомдук тамактануу жайларындагы баанын өсүшүнө комментарий берди. Ассоциация билдиргендей, мурда алынып келген тейлөө акысы "кошумча жыйым же чай пул" болгон эмес. Ал чыгымдардын бир бөлүгүн жабууга багытталган. Тыюу салынгандан кийин ошол чыгымдар тамак-аштын баасына кошулган. Мындаш тышкары, баанын өсүшүнө тамак-аш азыктарынын, ижаранын, коммуналдык кызматтардын кымбатташы, кызматкерлердин эмгек акысынын көбөйүшү себеп болгон. "Коомдук тамактануу жайлары мыйзам талаптарын сактап, бааларды ачык көрсөтүү менен иштеп жатышат. Ошол эле учурда бул тармактын туруктуу иштеп кетиши чыгымдардын толук жабылышынан көз каранды", — деди "Хорека клуб". Эске салсак, январь айынын башынан тартып кафе жана ресторандарда тейлөө үчүн өзүнчө акы алууга тыюу салуу күчүнө кирген. Андан кийин көпчүлүк коомдук тамактануу жайларында тамак-аштын баасы кыйла жогорулаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0