https://sputnik.kg/20260115/1099156655.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы президент Садыр Жапаров 25 ирет чет өлкөгө сапарга чыкты. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.Анын ичинен... 15.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-15T13:00+0600
2026-01-15T13:00+0600
2026-01-15T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/0f/1099156489_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_410fb04765ae47ea302143f9be76a1e2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы президент Садыр Жапаров 25 ирет чет өлкөгө сапарга чыкты. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.Анын ичинен үчөө — мамлекеттик, үчөө — расмий болсо, калганы иш сапар болгону айтылды. "Активдүү саясий диалогдун жыйынтыгында Кытай жана Монголия менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелердин деңгээли жогорулатылды. Бул өлкөнүн тышкы саясий позицияларын бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болду", — деди ТИМ башчысы.Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 19 ирет чет өлкөгө чыккан. Анын ичинен үчөө — расмий, 16сы иш сапар болуп саналат.Кулубаевдин айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 8 ирет чет мамлекетке чыгып, анын ичинен экөө — расмий, алтоо иш сапар болгон.Тышкы иштер министри 2025-жылы 16 сапар жасаган, анын ичинде алтоо — расмий, 10у — иш сапарлар, ошондой эле бир онлайн-форматтагы жолугушуу болгон. Мындан тышкары, өткөн жылы кол коюуга даярдалган 633 эл аралык документ иштелип чыккан."Биз ар тараптуу жана прагматизм багытындагы саясатты улантып, бардык өнөктөштөр менен достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоого умтулдук", — деди Кулубаев.
Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби өзгөрдү. Министрлер кабинетинин токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Документке ылайык: чет өлкөлүктөр эми визасыз 30 күнгө чейин жүрө алышат. Ар 60 күндө кайра кирүү мүмкүн; Өзбекстандын жарандары үчүн өзүнчө тартип каралган: алар 120 күн өткөрүп 60 күнгө чейин уруксат кагаздарысыз жүрө алышат; БУУнун кызыл паспортунун ээлери үчүн визасыз жүрүү мөөнөтү 60 күндү түзөт. Ал эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары — 180 күн өткөрүп 90 күн; Сербия, Түркия, Украина, Монголия — 180 күн өткөрүп 90 күн; Сауд Арабиясы, БАЭ, Катар, Кувейт, Оман, Бахрейн — 360 күн өткөрүп 180 күн журо алышат.
АКШ Иранга 24 сааттын ичинде кол салышы мүмкүндүгүн Reuters агенттиги кабарлаганын РИА Новости жазды. Учактарды алып жүрүүчү NewsNation тобу Түштүк Кытай деңизинен Жакынкы Чыгыш тарапка багыт алганын билдирди. Андан сырткары, май куюучу алты Boeing KC-135 Stratotanker Катардан учуп чыгып кеткени айтылды. Иран өзүнүн эл аралык каттамдар үчүн аба мейкиндигин жапты.РИА Новости Daily Mail басылмасына таянып "Өзөктүк Иранга каршы күрөш" бейөкмөт уюму АКШ президентинин администрациясына аскердик бутага алына турган 50 жердин картасын бергенин кабарлады. Документте Ислам революциясынын сакчылар корпусунун штаб-квартирасынын так координаты ачык берилгени маалымдалды. Тизмеде, мындан сырткары, анын ар кайсы аймактардагы төрт бөлүмү да бар дешти. Тегеран эгерде АКШ аларга кол салса, Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларга чабуул жасай турганын эскерткенин Reuters ирандык аткаминерге таянып кабарлаганын РИА Новости жазды."Эгерде Вашингтон чабуул жасаса, Тегеран аймактагы Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтеринен Түркияга чейин америкалык базаларга сокку болорун билдирди. Муну менен катар эле аталган мамлекеттерге Кошмо Штаттардын Иранга кол салуусун алдын алышы керектигин айтты", — деп жазды агенттик. Иранда нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрында улуттук валюта риалдын девальвациясынан кийин башталды.
2025-жылы президент Садыр Жапаров 25 ирет чет өлкөгө сапарга чыкты. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.Анын ичинен үчөө — мамлекеттик, үчөө — расмий болсо, калганы иш сапар болгону айтылды. "Активдүү саясий диалогдун жыйынтыгында Кытай жана Монголия менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелердин деңгээли жогорулатылды. Бул өлкөнүн тышкы саясий позицияларын бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болду", — деди ТИМ башчысы.Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 19 ирет чет өлкөгө чыккан. Анын ичинен үчөө — расмий, 16сы иш сапар болуп саналат.Кулубаевдин айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 8 ирет чет мамлекетке чыгып, анын ичинен экөө — расмий, алтоо иш сапар болгон.Тышкы иштер министри 2025-жылы 16 сапар жасаган, анын ичинде алтоо — расмий, 10у — иш сапарлар, ошондой эле бир онлайн-форматтагы жолугушуу болгон. Мындан тышкары, өткөн жылы кол коюуга даярдалган 633 эл аралык документ иштелип чыккан."Биз ар тараптуу жана прагматизм багытындагы саясатты улантып, бардык өнөктөштөр менен достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоого умтулдук", — деди Кулубаев.Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби өзгөрдү. Министрлер кабинетинин токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Документке ылайык: чет өлкөлүктөр эми визасыз 30 күнгө чейин жүрө алышат. Ар 60 күндө кайра кирүү мүмкүн; Өзбекстандын жарандары үчүн өзүнчө тартип каралган: алар 120 күн өткөрүп 60 күнгө чейин уруксат кагаздарысыз жүрө алышат; БУУнун кызыл паспортунун ээлери үчүн визасыз жүрүү мөөнөтү 60 күндү түзөт. Ал эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары — 180 күн өткөрүп 90 күн; Сербия, Түркия, Украина, Монголия — 180 күн өткөрүп 90 күн; Сауд Арабиясы, БАЭ, Катар, Кувейт, Оман, Бахрейн — 360 күн өткөрүп 180 күн журо алышат.АКШ Иранга 24 сааттын ичинде кол салышы мүмкүндүгүн Reuters агенттиги кабарлаганын РИА Новости жазды. Учактарды алып жүрүүчү NewsNation тобу Түштүк Кытай деңизинен Жакынкы Чыгыш тарапка багыт алганын билдирди. Андан сырткары, май куюучу алты Boeing KC-135 Stratotanker Катардан учуп чыгып кеткени айтылды. Иран өзүнүн эл аралык каттамдар үчүн аба мейкиндигин жапты.РИА Новости Daily Mail басылмасына таянып "Өзөктүк Иранга каршы күрөш" бейөкмөт уюму АКШ президентинин администрациясына аскердик бутага алына турган 50 жердин картасын бергенин кабарлады. Документте Ислам революциясынын сакчылар корпусунун штаб-квартирасынын так координаты ачык берилгени маалымдалды. Тизмеде, мындан сырткары, анын ар кайсы аймактардагы төрт бөлүмү да бар дешти. Тегеран эгерде АКШ аларга кол салса, Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларга чабуул жасай турганын эскерткенин Reuters ирандык аткаминерге таянып кабарлаганын РИА Новости жазды."Эгерде Вашингтон чабуул жасаса, Тегеран аймактагы Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтеринен Түркияга чейин америкалык базаларга сокку болорун билдирди. Муну менен катар эле аталган мамлекеттерге Кошмо Штаттардын Иранга кол салуусун алдын алышы керектигин айтты", — деп жазды агенттик. Иранда нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрында улуттук валюта риалдын девальвациясынан кийин башталды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/0f/1099156489_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_950b188306034951690fa093cc476e39.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио