https://sputnik.kg/20260114/1099140924.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Социалдык фонд пенсиялык топтомо каражатын пайдаланууга байланыштуу токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Маалыматка ылайык, жаңы жобо кабыл алынса... 14.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-14T15:00+0600
2026-01-14T15:00+0600
2026-01-14T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/0e/1099140758_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ee6bea6595a295d5891fe0e4683dfc30.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Социалдык фонд пенсиялык топтомо каражатын пайдаланууга байланыштуу токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Маалыматка ылайык, жаңы жобо кабыл алынса пенсиялык топтомдогу каражатты ар бир 50 миң сомдон ашкан сайын пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, топтолгон каражатты мамлекеттик ипотекага гана эмес, жеке курулуш компанияларынан алынган турак жайга да алгачкы төлөм катары колдонууга жол ачылат. Долбоор талкууланып, тиешелүү мыйзамдык чечимдер кабыл алынгандан кийин күчүнө кирет. Белгилей кетсек, жубайлардын бири ипотека алса, батир сатып алуу үчүн экөөнүн тең пенсиялык фонддо чогулган каражатын бириктирип пайдаланууга уруксат берилген.
№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 4 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу 29-январда аяктайт. Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген.
10 миңден ашуун катталуучусу бар блогерлер салык төлөөр-төлөбөсү тууралуу суроого маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жооп берди. Белгилей кетсек, социалдык тармакта ушундай өңүттөгү расмий кат тарап жатат. Ага Тагаевдин колу коюлган. "Азыр талкуу стадиясында, ар кандай сунуш-пикирлер айтылууда. Бул — ошонун бири. "Он миңден ашык катталуучусу бар" деген формулировка Курултайдын катышуучусунун суроосуна жооп катары айтылган. Ал кишинин суроосу дал ушундай формада берилген. Ошол эле учурда он миң катталуучусу бар ар бир адам сөзсүз эсеп ачууга тийиш деген талап жок. Маселе негизинен жарнама аркылуу киреше таап жаткан блогерлер тууралуу болуп жатат. Бул акыркы чечим эмес. Мыйзам долбоорунун тексти даярдалгандан кийин ал коомдук талкууга чыгарылат", — деди Тагаев. Буга чейин Кыргызстанда блогерлер тууралуу мыйзам долбоору даярдалып жатканын маданият министри Мирбек Мамбеталиев АКИpress агенттигине маек куруп жатып кабарлаган. Аткаминер блогерлер товар жана кызматтарды жарнамалап ишкерлик менен да алектенип жатат деп эсептейт. Мамбеталиевдин айтымында, 50-100 миң киши катталган блогерлер бар, айрымдарыныкы миллиондон ашат, мындан улам мыйзам кандай иштеп, кантип пайдаланылары так аныкталышы керек.
АКШ президенти Дональд Трамп Гренландиянын премьер-министри Йенс-Фредерик Нильсенге аралдын Даниянын курамында калуусун жактаган билдирүүсү үчүн чоң көйгөйгө тушугарын эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Мен анын айтканына макул эмесмин. Анын ким экенин дагы билбейм, бирок айтып-дегени чоң көйгөйгө айланат", — деди Трамп журналисттерге комментарий берип жатып. Буга чейин Нильсен Гренландия АКШнын аралга ээлик кылышын же көзөмөлгө алышын каалабай турганын билдирген. Жакында АКШ Конгрессине "Гренландияны аннексиялоо жөнүндө" мыйзам долбоору киргизилди. Документте бул аймак АКШнын Арктикадагы кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн зарыл экени айтылып, "Россия менен Кытай өз таасирин агрессивдүү кеңейтип жатат" деген жүйө келтирилген.
Социалдык фонд пенсиялык топтомо каражатын пайдаланууга байланыштуу токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Маалыматка ылайык, жаңы жобо кабыл алынса пенсиялык топтомдогу каражатты ар бир 50 миң сомдон ашкан сайын пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, топтолгон каражатты мамлекеттик ипотекага гана эмес, жеке курулуш компанияларынан алынган турак жайга да алгачкы төлөм катары колдонууга жол ачылат. Долбоор талкууланып, тиешелүү мыйзамдык чечимдер кабыл алынгандан кийин күчүнө кирет. Белгилей кетсек, жубайлардын бири ипотека алса, батир сатып алуу үчүн экөөнүн тең пенсиялык фонддо чогулган каражатын бириктирип пайдаланууга уруксат берилген. №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 4 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу 29-январда аяктайт. Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген. 10 миңден ашуун катталуучусу бар блогерлер салык төлөөр-төлөбөсү тууралуу суроого маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жооп берди. Белгилей кетсек, социалдык тармакта ушундай өңүттөгү расмий кат тарап жатат. Ага Тагаевдин колу коюлган. "Азыр талкуу стадиясында, ар кандай сунуш-пикирлер айтылууда. Бул — ошонун бири. "Он миңден ашык катталуучусу бар" деген формулировка Курултайдын катышуучусунун суроосуна жооп катары айтылган. Ал кишинин суроосу дал ушундай формада берилген. Ошол эле учурда он миң катталуучусу бар ар бир адам сөзсүз эсеп ачууга тийиш деген талап жок. Маселе негизинен жарнама аркылуу киреше таап жаткан блогерлер тууралуу болуп жатат. Бул акыркы чечим эмес. Мыйзам долбоорунун тексти даярдалгандан кийин ал коомдук талкууга чыгарылат", — деди Тагаев. Буга чейин Кыргызстанда блогерлер тууралуу мыйзам долбоору даярдалып жатканын маданият министри Мирбек Мамбеталиев АКИpress агенттигине маек куруп жатып кабарлаган. Аткаминер блогерлер товар жана кызматтарды жарнамалап ишкерлик менен да алектенип жатат деп эсептейт. Мамбеталиевдин айтымында, 50-100 миң киши катталган блогерлер бар, айрымдарыныкы миллиондон ашат, мындан улам мыйзам кандай иштеп, кантип пайдаланылары так аныкталышы керек. АКШ президенти Дональд Трамп Гренландиянын премьер-министри Йенс-Фредерик Нильсенге аралдын Даниянын курамында калуусун жактаган билдирүүсү үчүн чоң көйгөйгө тушугарын эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Мен анын айтканына макул эмесмин. Анын ким экенин дагы билбейм, бирок айтып-дегени чоң көйгөйгө айланат", — деди Трамп журналисттерге комментарий берип жатып. Буга чейин Нильсен Гренландия АКШнын аралга ээлик кылышын же көзөмөлгө алышын каалабай турганын билдирген. Жакында АКШ Конгрессине "Гренландияны аннексиялоо жөнүндө" мыйзам долбоору киргизилди. Документте бул аймак АКШнын Арктикадагы кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн зарыл экени айтылып, "Россия менен Кытай өз таасирин агрессивдүү кеңейтип жатат" деген жүйө келтирилген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/0e/1099140758_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3948611270820e7bfc68e32765b7862c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио