00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В КР обновят подходы в борьбе с коррупцией: о главных пунктах нового закона
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл айдоо аянты көбөйтүлдү — өлкөдө жазгы талаа иштерине даярдык кандай?
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что получил Кыргызстан от январского заседания Совета ЕЭК
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калкты таза суу менен камсыз кылуу: азыркы абал жана аны чечүү жолдору
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
От первых миссий ООН до безъядерной зоны: старт кыргызской дипломатии
12:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Улуу Ата Мекендик согушка арналган сүрөт көргөзмө — жаш муунга кандай сабак берет?
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин жыйынында тендер системасын жоюуну сунуштады.Ал өкмөткө тендерди жоюп, түз сатып алуу боюнча мыйзам долбоорун тез арада даярдоону сунуштады. "Тендердин "Т" тамгасы да калбашы керек. Кечээ президент менен сүйлөштүм, жыйынтыгында мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, тендер дегенди таптакыр жок кылуу керек деген бүтүмгө келдик", — деди ал.Спикер мындай системанын айынан курулуштун баары кармалып жатканын айткан.
Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек — Токмок жолунда орточо ылдамдыкты көзөмөлдөө системасы тесттик режимде иштеп жатканын билдирди.Анын айтымында, атайын камералар орнотулуп, жарым жылдын ичинде ылдамдыкты ашыра айдаган 7 406 факт катталган. Деген менен эреже аталган трассанын кайсы бөлүгүндө бузулганы билинбей калганы кошумчаланды. Урмамбетов парламентте ИИМдин мас болуп машина айдагандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан учурда жол сакчылары салган айып пулдун 10 пайызы алардын маянасына кошуларын да билдирген.
Бишкек шаардык мэриясынын мурдагы вице-мэри баш болгон кызмат адамдары жана жеке компаниялардын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.Маалыматка караганда, текшерүү учурунда 2015-жылы Бишкек шаарында жаңы таштанды полигонун куруу жана "Тазалык" ишканасынын техникалык базасын жакшыртуу үчүн бөлүнгөн 22 миллион евро туура эмес колдонулганы аныкталган. "Аудиттин алдын ала жыйынтыгы боюнча, бюджетке келтирилген зыян болжол менен 182 миллион сомду түздү", — деди атайын кызмат. Үстүбүздөгү жылдын 12-январында козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы вице-мэр, "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын мурдагы директору, ошондой эле подрядчы компаниялардын жетекчилери убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бюджетке келтирилген зыяндын толук суммасын жана коррупцияга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 2014-жылы ЕРӨБ Бишкекте таштанды иргөөчү завод куруу үчүн 22 миллион евро бөлгөн. Бирок завод курулган эмес. Президент Садыр Жапаров декабрда таштанды заводун ачып жатып, убагында кызматкерлер кредиттин 16 миллион евросун жеп койгонун айткан.
Венесуэладагы операциядан кийин АКШнын Россияны Украинадагы аракеттери үчүн сындаганга акысы жок. Бул тууралуу америкалык журналист Такер Карлсон өзүнүн соцмедиадагы видеосунда билдирген. "Эми мындай аргументиңерди бетке кармай албайсыңар. Россия сыяктуу улуу державанын өзүн-өзү коргогону туурабы? Учурда биз карманып жаткан эрежелер боюнча туура болуп чыкты", — деди журналист. Карлсондун айтымында, АКШ Венесуэланын Кытайга мунай жеткирүүсүн токтотуу үчүн бастырып кирген. Бул ачык айтыла турган болсо, Вашингтон Россия өзүн коргоо үчүн туура кадамга барганын моюндоого аргасыз болмок.Эске салсак, 2026-жыл башталары менен, тагыраагы, 3-январда Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, президенти Николас Мадуро жана анын жубайы кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. АКШ бийлигинин версиясы боюнча, алардын "баңгизат террорчулугуна" тиешеси бар. Соттун биринчи отуруму Нью-Йоркто өтүп, Мадуро менен жубайы аларга тагылган айыптарды четке кагышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0